ֱ

Партнёрские программы АУЦА с университетами мира

Партнёрские программы АУЦА с университетами мира

4&Բ;октября&Բ;2022

AУЦА – первый университет в Центральной Азии, который предлагает своим студентам два диплома по окончании учебы:

– аккредитованные в США степени по программам гуманитарных наук в партнерстве с Бард колледжем
– дипломы, аккредитованные в Кыргызстане, выданные министерством образования и науки КР.

Бард колледж – ведущий и инновационный университет гуманитарных наук, расположенный в Аннандейле-на-Гудзоне, штат Нью-Йорк, США. На протяжении более 150 лет Бард даёт студентам образование, выходящее за рамки академических границ, предоставляет им глубину и широту знаний, которые побуждают студентов критически мыслить в рамках своей собственной дисциплины.

В 2009 году Бард и АУЦА создали партнерскую программу, в рамках которой, с 2011 года, студенты бакалавриата получают дипломы, аккредитованные Бард колледжем.

Кроме того, АУЦА поддерживает партнерские отношения с рядом университетов и организаций по всему миру, что позволяет студентам учиться за рубежом по различным программам обмена. Студенты могут подавать заявки на программы обмена, также они получают поддержку в виде различных грантов, которые покрывают расходы на перелет и проживание или выплачивают ежемесячное пособие.

Более того, в 2020 году АУЦА стал одним из членов новой глобальной сети университетов открытого сообщества (OSUN), которая состоит из 24 университетов-партнёров в 17 странах, а также 15 научно-исследовательских и образовательных учреждений в 7 странах. Начиная с 2020 года, наряду с курсами АУЦА, наши студенты могут зарегистрироваться на курсы, предлагаемые профессорами из Бард колледжа (США), Центрально-Европейского университета (Австрия), Принстонского университета (США), Университета БРАЧ (Бангладеш), Берлинского колледжа Бард (Германия) и других университетов в рамках партнерской сети OSUN.

Возможности, которые открываются в рамках партнерства OSUN и Bard College – уникальный шанс для студентов АУЦА в получении международного опыта, знаний и навыков независимо от географических барьеров.

***

БААУ – бүтүрүүчүлөрүнө окууну аяктар замат бир учурда 2 диплом сунуштаган Борбор Азиядагы алгачкы университет:

⁃ Кошмо штаттардагы Бард колледж менен өнөктөштүктө гуманитардык илимдер тармагындагы программалар боюнча АКШда аккредитацияланган даражалар
⁃ Кыргызстанда аккредитацияланган Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген дипломдор

Бард Колледж – АКШнын Нью-Йорк штатынын Аннандейл-на-Гудзоне шаарында жайгашкан гуманитардык илимдердин алдыңкы жана инновациялык колледжи. 150 жылдан ашуун убакыттан бери Бард студенттерге билим берип келет. Билим берүүнүн максаты – өзү тандаган сабагынын алкагында сын көз карашта ойлонууга түрткөн адаттагы академиялык чектерден чыккан билимдердин тереңдиги менен кеңдигин түзүү.

2009-жылы Бард жана БААУ биргелешип иштешүү тууралуу макулдашып, анын жыйынтыгында 2011-жылдан тарта Бард бакалавры ишке киргизилген. Ага ылайык, БААУ сунуштаган тиешелүү академиялык программалардын студенттери үчүн эркин искусстволор боюнча даражалар каралган.
Мындан тышкары, БААУ дүйнө жүзү боюнча бир катар университет жана уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүп келет. Бул өз кезегинде студенттердин алмашуу программаларынын негизинде чет өлкөлөрдө билим алуусун камсыздайт. Студенттер алмашуу программаларына катышуу үчүн арыз менен кайрыла алышат. Ошондой эле алар ар түрдүү гранттар түрүндө колдоолорду алышат. Ал колдоолор студенттердин жол кире, турак-жай сыяктуу чыгымдарын көтөрүп, ай сайын пособие да болуп бере алат.

Ошондой эле 2020-жылы БААУ ачык коом университеттеринин жаңы ааламдык түйүнүнүн (OSUN) мүчөсүнө айланган. Ал 17 өлкөдөгү 24 өнөктөш-университтерден жана 7 өлкөдөгү 15 илимий-изилдөөчүлүк мекемелерден турат. 2020-жылдан бери биздин студенттер БААУнун курстарына катар төмөнкү ЖОЖдордун профессорлору сунуштаган курстарга да каттала алышат: Бард Колледж (АКШ), Борбордук-Европалык университет (Австрия), Принстон университети (АКШ), БРАЧ университети (Бангладеш), Барддын Берлин Колледжи (Германия) жана башкалар.

OSUN жана Bard College менен өнөтөштүктүн алкагында жаралган мүмкүнчүлүктөр БААУнун студенттери үчүн географиялык тоскоолдуктардан көз карандысыз түрдө Эл аралык тажрыйба топтоо, билим алуу жана ыкмаларга ээ болуу үчүн уникалдуу шанс болуп эсептелет.

<< вернуться к списку новостей

ֱ
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic720060

Тел.: +996 (312) 915000 + Вн.
Факс:+996 (312) 915 028