ֱ

Встреча с Розой Айтматовой

Встреча с Розой Айтматовой

11&Բ;апреля&Բ;2022

В прошедшую пятницу в библиотеке АУЦА прошла встреча с Розой Торекуловной Айтматовой. Она представила свою книгу «Мой отец как государственный деятель. Воспоминание». Встреча была организована библиотекой АУЦА @auca_library и департаментом «Общеобразовательные программы».

Перед началом встречи студент второго курса факультета «Прикладная геология» Адилет Ырысалиев рассказал её участникам о политических репрессиях в СССР в конце 1920-х — начале 1950-х годов.

С приветственным словом в адрес Розы Торекуловны обратилась со-руководитель департамента «Общеобразовательные программы» АУЦА Чынаркуль Рыскулова.

«Я очень рада встрече с вами. Мне очень приятно, что вы интересуетесь такой литературой. В этой книге описываются события, которые были запрещены в советское время, о которых нельзя было говорить. Не то чтобы писать, говорить было нельзя. И сейчас, на основе архивных документов, я постаралась написать то, что произошло в 1929 – 31 года, когда наш отец работал министром промышленности и председателем Совнархоза. Это было время индустриализации и первой пятилетки», - начала свой рассказ Роза Айтматова.

Она рассказала о создание Кирг. АССР, а затем Кирг. ССР, об индустриализации в Кыргызстане, как проходило становление страны. Конечно, она рассказывала и о своей семье, о маме и братьях. Роза Айтматова родилась 8 марта 1937 года. В то время её отец, Торекул Айтматов учился в Институте красной профессуры, в Москве. В начале сентября он был арестован и этапирован в Кыргызстан. 5 ноября 1938 года он был расстрелян. Незадолго до ареста его семья переехала в Кыргызстан в село Шекер Таласской области. Роза Торекуловна рассказала, как семья жила в эти тяжелые годы, с какими трудностями им пришлось столкнуться как семье «врага народа». Как не смотря на все трудности, все дети в семье получили образование, как помогали друг другу, как она выбирала профессию.

На встрече присутствовала вице-президент АУЦА по академическим вопросам Нургуль Укуева. Она поблагодарила Розу Айтматову за рассказ, за встречу. Также слова благодарности были сказаны и директором библиотеки Жылдыз Бекбалаевой.

В завершении встречи её участники задали интересующие их вопросы и поделились своими впечатлениями.

Встреча прошла в тёплой, заинтересованной атмосфере и завершилась автограф-сессией.

***

Өткөн жума күнү БААУнун китепканасында Роза Төрөкуловна Айтматова менен жолугушуу болуп өттү. Ал “Менин атам мамлекеттик ишмер катары. Эскерүү” аталышындагы китебин тааныштырды. Жолугушуу БААУнун китепканасы AUCA Library жана “Жалпы билим берүү программалары” департаменти тарабынан уюштурулду.
Жолугушуунун башында “Колдонмо геология” факультетинин 2-курсунун студенти Адилет Ырысалиев иш-чаранын катышуучуларына СССР кезиндеги 1920-жылдардын аягы жана 1950-жылдардын башындагы саясий репрессиялар жөнүндө айтып берди.
Роза Төрөкуловнаны БААУнун “Жалпы билим берүү программалары” департаментинин тең жетекчиси Чынаркуль Рыскулова жылуу тосуп алды.
“Сиздер менен жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын. Сиздердин мындай адабиятка кызыгууңуздар сүйүндүрөт. Бул китепте совет мезгилинде тыюу салынган нерселер баяндалат. Аларды жазуу турсун, айтууга да мүмкүн эмес эле. Мына азыр архивдик документтердин негизинде 1929-1931-жылдары орун алган окуяларды жазып, ачып берүүгө аракеттендим. Ал мезгилде биздин атабыз өндүрүш министрлигин жетектеп, эл чарбасынын кеңешинде төрагалык милдетти аркалаган. Бул индустриализациялоо жана алгачкы беш жылдыктын мезгили болчу”,- деп өз баянын баштады Роза Айтматова.
Андан ары ал Кыргыз АССРинин, Кыргыз ССРинин түзүлүшү, Кыргызстандагы индустриализациялоонун жүрүшү жана мамлекеттин калыптануусу тууралуу кебин улады. Албетте өз үй-бүлөсү, энеси жана бир туугандары жөнүндө да айтпай койгон жок. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта төрөлгөн. Ал убакта анын атасы Москвада Кызыл профессура институтунда окучу. Сентябрдын башында ал камакка алынып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. 1938-жылы 5-ноябрда атылган. Камакка алынуусунан бир нече мезгил мурда анын үй-бүлөсү Талас облусунун Шекер айылына көчүп келген эле. Роза Төрөкуловна анын үй-бүлөсү ошол оор күндөрдө кантип күн кечиргенин, “эл душманы” аталып, кандай кыйынчылыктарга кабылганы жөнүндө айтып берди. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, балдар кантип билим алып, бири-бирине колдоо көргөзгөнүнө, болочок кесибин кантип тандаганына да токтолду.
Иш-чарага БААУнун академиялык маселелери боюнча вице-президенти Нургул Укуева катышты. Ал Роза Айтматовага жолугушууга келип, кызыктуу баян куруп берендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле сыйлуу конокко китепкананын директору Жылдыз Бекбалаева да рахматын айтты.
Жолугушуунун аягында анын катышуучулары кызыктырган суроолорун узатып, өз таасирлери менен бөлүшүштү.
Саамалык жылуу, кызыктуу атмосферада өтүп, автограф-сессия менен жыйынтыкталды.

<< вернуться к списку новостей

ֱ
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic720060

Тел.: +996 (312) 915000 + Вн.
Факс:+996 (312) 915 028