ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар

Изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар

Гранттарды берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү

БААУга изилдөөлөрдү өткөрүүгө түрткү бол турган изилдөөлөр жана иш-сапарларга гранттарды сунуштайт.

БААУнун студенттеринин интеллектуалдык жашоосу боюнча комитет (SILK) бакалавр даражасын алуу үчүн изилдөө жүргүзүп жаткан студенттер үчүн өзгөчө популярдуу вариант болуп саналат. SILK студенттер тарабынан уюштурулган долбоорлорду, кесипкөйлүк өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана студенттик изилдөөлөрдү колдоп келет. Ай сайын ал БААУнун студенттерине чакан гранттарды бөлүп берет.

SILK гранттары тууралуу кошумча маалыматтарды бул жерден табууга болот
/en/silc/.

Бакалавр даражасын алууга дипломдук иш үчүн сыйлык

БААУ жыл сайын студенттерди мыкты дипломдук иш үчүн сыйлап келет. Бул иш-чаранын мааниси мыкты дипломдук иштерди жазган студенттердин эмгегин белгилөө. Жазгы семестрдин аягына келип БААУнун ар бир программасы бул сыйлыкка талапкерлерин көрсөтөт. Студенттердин интеллектуалдык жашоосу боюнча комитет мыкты дипломдук ишти аныктап, анын авторуна бүтүрүү салтанатында сыйлык тапшырат.

IRB

БААУнун институционалдык байкоочу кеңеши (IRB) изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштарды карап чыгат. Максат - студенттер, кызматкерлер жана БААУ менен байланышкан персонал иликтеген сыноодон өтүүчүнүн укуктарынын корголушун жана жыргалчылыгын камсыздоо.

Баяндоонун максаты болгон тобокелчиликтердин минимум, ал эми потенциалдык артыкчылыктардын максимум абалына жетүүсүн камсыздоо, сыналуучулар изилдөөлөргө өз ыктыяры менен катышкандай абал жаратуу. Анткени БААУ тарабынан уюштурулган изилдөөлөр этикалык болуп, эч кандай күмөн жаратпашы керек.

БААУдагы IRB процесси жөнүндө маалыматты бул жерден табууга болот

.

Адамдардын катышуусу менен изилдөөлөрдү жасаган бакалавриат менен магистратуранын бардык студенттери онлайн-окутуудан өтүп, сынак тапшыруусу кажет. Мындай тренингдер силердин изилдөөлөрүңөргө IRB макулдугу талап кылынабы же жокпу, өтүнмө берүү процессин түшүнүү жөнүндө кенен билүүгө жардам берет.

.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028