ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Программа жөнүндө

Программа жөнүндө

Миссиясы жана көздөгөн максаты

МИССИЯСЫ

“Социология” багыты боюнча бакалавриат программасынын миссиясы окутуучулар менен студенттер сын көз-карашта социалдык изилдөөлөр менен алектенген студенттерге багытталган чөйрөнү түзүү болуп саналат. Мындай изилдөөлөр социалдык көйгөйлөрдү жана глобалдык, институционалдык жана инсандар аралык социалдык мамилелердин теңсиздигин түшүнүү жана чечүүгө багытталган.

КӨЗДӨГӨН МАКСАТЫ

Биз социологиялык билимдерди анын көп сандаган формаларында кеңейтүү, чагылдыруу, бөлүшүү жана колдонууга умтулабыз. Биз студенттерге социалдык теориялар жана ыкмалардын кенен спектри боюнча даярдоону сунуштоо жана аларды социологиядагы сабактардын ар түрдүүлүгү жана мазмуундуу билим берүү тажрыйбасы менен тааныштыруу жолу аркылуу студенттерибизди социологиялык элестетүүлөрүн жана сын көз-карашта ойлонуусун өнүктүрүүнү үйрөтөбүз.

Эмне үчүн социология?

Борбордук Азиядагы Америика университетинин “Социология” факультети сизге коом деген эмне, биз эмне үчүн ар кандайбыз жана ошол эле учурда окшошпуз деген суроолорго жооп табууга жардам берет. Социология эмне себептен адамдар өзүлөрүн белгилүү бир образда алып жүрөрүн түшүндүрүп бере алат - добуш берет, үй-бүлө курат, моданы карманат… Социология жакырчылык, сойкулук, паракорчулук сыяктуу социалдык көйгөйлөр эмне себептен жашап келерин теришитирүүгө көмөктөшөт.


Биз эмнелерди окутабыз?

Биздин программа социалдык кубулуштар менен кырдаалдарды түшүнүү, аларды чечмелөө жана түшүндүрүү үчүн зарыл болгон сабактарды интенсивдүү иликтөө каралган базалык билим берүүнү сунуштайт.
Студенттер алынган маалыматтарды талдоо, жашообузда орун алып жаткан процесстерди салыштыруу жана сын көз-карашта баалоо менен социалдык ааламдын мыйзамдарын түшүндүргөн теорияларды жаратышат, аракеттенүү үчүн колдонмо катары кызмат кылат жана жада калса келечекти божомолдоого жардам берет.

Биздин студенттер бүгүнкү күндөгү рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болууга түрткү болгон ыкмалар менен билимдерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Социологдор сандык жана сапаттык изилдөөлөрдүн принциптери менен ыкмаларын, Эл аралык стандарттагы магистрдик программаларды (SPSS) иликтешет, маалыматтарды теоретикалык билимдер менен байланыштыра алышат жана алдыңкы ата мекендик жана чет элдик уюм жана компанияларда тажрыйба арттыруулардан өтүшөт.

Окуудан кийинки жашоо

Биздин окутуучулар менен профессорлордон алынган билимдер менен ыкмалар сизге ишмердүүлүктүн кенен спектринде өз багытыңызды табууга жардам берет. Социологдор академиялык изилдөөчүлөр катары, мектептерде жана университеттерде окутуучу катары, коомдук пикирдин кызматкерлери катары чоң суроо-талапка ээ. Ошондой эле ири банктарда, камсыздандыруу компанияларында жана ири корпорацияларда аналитик болуп иштешет.

Социологдор - өндүрүштүк фирмалар менен компаниялардын кадрдык кызматтарында мыкты жетекчилер болуп саналышат, аларга маркетингдик жана жарнамалык кызматтардын жетекчилиги ишенишет. Биздин көптөгөн бүтүрүүчүлөр АКШ, Улуу Британия, Швеция, Италия жана башка өлкөлөрдүн университеттеринде билим алуусун улантышат.

Программанын буклети PDF-файл түрүндө бул жерде (, )

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028