ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Окутуунун максаттары жана жыйынтыктары

Окутуунун максаттары жана жыйынтыктары

“Психология” факультети студенттерди окутуунун тиешелүү жыйынтыктары менен төмөнкү төрт кенен максатты бөлүп карайт:

1-МАКСАТ. СТУДЕНТТЕРГЕ ПСИХОЛОГИЯ ТАРМАГЫНДА ТЕРЕҢ БИЛИМДЕРДИ БЕРҮҮ

Студенттер фундаменталдык билимдерди жана негизги түшүнүктөрдү түшүнүүнү, теориялык ыкмаларды, тарыхий окуяларды жана ири изилдөөлөрдү көрсөтө билүүсү керек. Алар психологиялык принциптер жүрүм-турумдарга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кантип колдонулары тууралуу талкууларга катышууну билүүсү зарыл.

Окутуунун жыйынтыктары:

  • Студенттер психологиядагы башкы түшүнүктөрдү, принциптерди жана темаларды сүрөттөйт
  • Студенттер психологиянын контенти тармагында практикалык билимдерин өнүктүрүшөт
  • Студенттер психологиядагы практикалык колдонууну сүрөттөй алышат


2-МАКСАТ. СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ТҮШҮНҮҮСҮН ЖАНА ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗИНДЕ ЖЕТИШИЛГЕН БИЛИМДЕРГЕ СЫЙ-УРМАТ МЕНЕН МАМИЛЕ ЖАСООСУН КАМСЫЗДОО

Студенттер илимий аңгемелешүү жана маселелерди чечүү ыкмаларын өнүктүрүүсү керек, анын ичинде изилдөөлөрдүн тиешелүү жана эффективдүү ыкмаларын пайдалануу менен. Студенттер изилдөөлөрдү иликтешет жана изилдөөчүлүк принциптерди адамдардын жүрүм-турумун түшүндүрүүдө колдонушат.

Окутуунун жыйынтыктары:

  • Студенттер илимий аңгемелешүүлөрдү психологиялык көрүнүштөрдү чечмелөө, түшүндүрүү үчүн колдонушат
  • Студенттер чечмелешет, пландаштырышат жана базалык психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
  • Студенттер статистикалык жана башка анализ түрлөрүн жасашат.


3-МАКСАТ. БУЛ КӨП ТҮРДҮҮ ААЛАМДА СТУДЕНТТЕРДИН ЭТИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЖООПКЕРЧИЛИГИНИН КАЛЫПТАНУУСУНА ЖАРДАМ БЕРҮҮ

Студенттер көп түрдүү ааламда кесипкөйлүк жана жеке шартта этикалык жана социалдык жоопкерчиликтүү жүрүм-турумдарын өнүктүрүшөт. Студенттер психологиядагы кесипкөйлүк этиканы жөнгө салган принциптерди иликтешет жана адамдардын ар кандай топтору менен иш алып барууда түшүнүү менен аракеттенишет.

Окутуунун жыйынтыктары: :

  • Студенттер этикалык нормаларды кармануу тууралуу базалык билимдерге жана этикалык чечимдерди кабыл алуунун базалык ыкмаларына ээ болушат
  • Студенттер этикалык нормаларды өзүлөрүнүн жеке изилдөөлөрүнө жана практикасына кошушат

4-МАКСАТ. СТУДЕНТТЕРДИ ТЕОРИЯЛЫК БИЛИМДЕРДИ, ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ЖАНА ПРАКТИКАНЫ АҢ-СЕЗИМДҮҮ ТҮРДӨ ИНТЕГРАЦИЯЛАГАН КОМПЕТЕНТТҮҮ АДИСТЕРГЕ АЙЛАНУУГА ДАЯРДОО

Студенттер психология тармагында атайын контент менен ыкмаларды колдонууну үйрөнүшөт. Студенттер негизги психологиялык принциптерди жеке, социалдык жана уюштуруучулук маселелеринде колдонушат.

Окутуунун жыйынтыктары:

  • Студенттер карьералык максаттарга жетүү үчүн психологиядагы контентти жана ыкмаларды колдонушат
  • Студенттер тесттер менен психометрияны жасоонун негиздерин билишет
  • Студенттер психологиялык тесттерди өткөрүү, баалоо жана чечмелөөнү билишет
  • Студенттер баалоо жана диагностикалоо тармагында зарыл билимдер менен ыкмаларга ээ болушат.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028