ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Өнөктөштөр

Өнөктөштөр

Эл аралык уюмдар

Эл аралык уюмдар

Ошондой эле факультет эл аралык мекеме жана донор-уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен тыгыз кызматташат. Программанын окутуучулары түрдүү изилдөө долбоорлорун ишке ашырып, төмөнкү уюмдардын саясий маселелери үчүн аналитикалык документтерди даярдап келет:

  • GIZ (Эл аралык кызматташтыктын Германиялык агенттиги)
  • Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы Туруктуу миссиясы
  • Азиялык Өнүктүрүү Банкы
  • UNDP
  • USAID

Факультеттин экономист-студенттери үчүн Буткүл дүйнөлүк Банктын эксперттери лекция окуп турушат. Мындан тышкары GIZ менен кызматташуунун алкагында айлана-чөйрөнүн экономикасы боюнча жаңы курстар иштелип чыгууда.

Link to this block: /kg/p6093218794/#b1113

Өнөктөштөр

Коомдук уюмдар

Коомдук уюмдар

Департамент менен тыгыз кызматташкан, экономикалык саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга жооптуу чечүүчү уюмдарга төмөнкүлөр кирет (бирок тизме бул менен чектелип калбайт)

  • Өкмөт Башчынын Канцеляриясынын Экономика жана инвестициялар бөлүмү
  • КРнын Экономика министрлиги
  • Улуттук илимдер академиясынын экономика институту
  • Стратегиялык изилдөөо боюнча Улуттук Институт
  • КРнын Улуттук Банкы
  • КРнын Улуттук статистикалык комитети

Коомдук уюмдар менен кызматташуу студенттерге теориялык билимдерин праткика менен байланыштырууга жардам берет. Бөлүм Өкмөт башчынын канцеляриясы, Экономика министрилиги жана КРнын Антимонополиялык бөлүму менен тыгыз кызматташтыкта. Жогоруда аталган уюмдар алдыңкы студенттерге тажрыйба арттыруу мүмкүнчулүгүн түзүп берүүнү улантууда. Студенттер акысыз тажрыйба арттыруу мүмкүнчулүгүнө ээ болуп, бул тармакта практикалык баа жеткис тажрый ба ала алышат.

Факультет Экономика министрлигинин кызматкерлери үчүн макроэкономикалык өзгөрүүлөрү бар экономикалык саясатты иштеп чыгууда эконометрикалык программалык пакеттерди (STATA, E-Views) колдонуу боюнча атайын семинарларды такай уюштуруп келет.

Улуттук Банктын төрагасынын орун басары 2016-жылы экономика боюнча магистратура програмамсын колдой тургандыгы тууралуу кат жөнөткөн.



Link to this block: /kg/p6093218794/#b1112

Өнөктөштөр

Академиялык Институттар

Академиялык Институттар

Үзгүлтүксүз аракеттер Эл аралык университеттер жана изилдөө борборлору менен жумуштук байланыштарды орнотууга багытталган.

2012-жылы бөлүм Нормегиялык Табигый илимдер университети менен долбоордук документке кол койгон. Биргелешкен долбоордо окуу программалары жана изилдөө азыктарын иштеп чыгуу каралган:

  • Экономика боюнча магистратуранын бардык студенттери 1 семестр NMBU`да окуу мүмкүнчулүгүнө ээ.
  • БААУнун экономика боюнча магистрдик программалары дал NMBU менен кызматташтыкта иштелип чыккан.
  • Биргелешкен курстарды иштеп чыгуу жана тажрыйба алмашуу максатында 2012-2017-жылдардын аралыгында БААУнун 10 окутуучусу NMBU`да болуп кайтышкан.
  • Ушул тапта 3 изилдөөчүлүк долбоор иштелүүдө.
  • Учурда NMBU`да 2 мугалим PhD даражасына окуп жатат.
  • Магистранттардын жарымынан көбү окууларынын бир бөлүгүн Норвегияда бюджеттик негизде өткөрүштү.

NMBU менен алмашуу программасынын студенттери тууралуу макалалар:

  • 3-курстун студенти


Бард-колледж БААУнун башкы Эл аралык мекеме-өнөктөшү болуп саналат. Bard International түйүнүнө Кыргызстан, АКШ, Германия, Венгрия, Литва жана Россиядагы гуманитардык багыттагы Институттар киерт. Мындай түйүн окутуучулар, администрация жана студенттер арасында көп кырдуу кызматташтыкка шарт түзөт.

Экилик даража

2009-жылы Бард жана БААУ биргелешкен өнөктөштүктү ишке киргизген. 2011-жылдан тарта ал экономика программасындагы студенттер үчүн искусстволордун бакалавры даражасын берип келет. Бул КРнын Билим берүү министрлиги берген даражага кошумча катары эсептелет.

Студенттерди алмашуу

  • Ар семестр сайын БААУнун 6 студенти АКШнын Бард колледжине жөнөтүлот.
    Жакшы академиялык статуска ээ 2инчи жана 3-курстун студенттери чет өлкодө окуу программаларына катышуу укугуна ээ.
  • Конференциялар жана семинарлар
  • Бард-колледж окутуучулардын конференцияларга катышуусун колдоого алат.
  • Бард туруктуу түрдө окутуучулар жана кызматкерлер үчүн семинарларды уюштурат.
  • Жок дегенде БААУнун 1 студенттик командасы Bard Network Debate семинарына катышуу үчүн каржыланат.

US-CAEF (Борбор Азиядагы Билим берүү Фонду) бөлүмгө 2008-жылдан бери колдоо көргөзүп келет. Атайын окутуучулар үчүн семинарларды уюштуруп, окутуу жана изилдөө ыкмалары боюнча китептер жана материалдар менен камсыздап келет. Фонд студенттерге да студенттик стипендиялар (Enterprise Student Fellowships) менен корпоративдик тажрыйба арттырууларды (Enterprise Intern Fellowships) сунуштап ар тараптуу колдоо көргөзүп келет.

Корпоративдик студенттик стипендиялар (Enterprise Student Fellowship) Экономика жана Бизнес-Админстрациялоо боюнча бакалавр программаларынын жогорку квалификациялуу студенттери үчүн каралган. Стипендиялар бакалавриаттын 4 жылдык мөөнөтүнө бөлүнүп, бирок жыл сайын окуудагы жетишкендиктерине жана башка шарттарга карата кайра каралып турат.

Корпоративдик тажрыйба арттыруулар АКШда баалуу тажрыйба алуу үчүн Enterprise Student Fellowship программасынын мыкты студенттерине гана сунушталат.


Link to this block: /kg/p6093218794/#b1111

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028