ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЖМАга КОШ КЕЛИПСИЗДЕР!

ЖМАга КОШ КЕЛИПСИЗДЕР!

АКАДЕМИЯ ЖӨНҮНДӨ

Жаңы Муун Академиясы (ЖМА) – Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) комплекстүү академиялык даярдоо программасы.

ЖМА программасы бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайларына даярдоого багытталган бир жылдык же бир семестрдик интенсивдүү программаны сунуштайт. Программа орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өздөрү каалаган университетке кирүүгө жардам берүү үчүн мамлекеттик мектеп системасындагы боштуктарды толтурууну көздөйт. Катышуучулар англис тили жана колледж математикасы, ошондой эле орус тили боюнча катаал программаны бүтүрүшөт. Бардык курстар критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү, академиялык жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана студенттердин лидерлик потенциалын жогорулатууга багытталган.

Биз бири-бирин урматтоо, ачыктык жана кабыл алуу негизги принциптер болуп саналган көп улуттуу коомчулукту курууга умтулабыз. ЖМАнын студенттери жылына 600 сааттан ашык жакшы структураланган сабак алышат, анын ичинде милдеттүү клубдар, тил лабораториялары жана практикалык тесттер. Кошумчалай кетсек, студенттерге бир катар семинарлар, кружоктор жана экскурсиялар биргелешкен иш-чаралар катары сунушталат.

Эмне үчүн ЖМА?

Тажрыйбалуу Эл аралык профессорлор;

Студенттер менен окутуучулардын катышы 8:1

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү БААУга/чет өлкөлүк башка университеттерге даяр

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү стипендиалык программаларга тапшырууда атаандаштыкка жөндөмдүү

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү келечектеги кесипти жана карьера жолун аң-сезимдүү түрдө тандашат

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү өз өлкөсүнүн жана башка өлкөлөдүн эң мыкты лидерлерине айланат

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү БААУда жана башка жерлерде академиялык жана социалдык жактан ийгиликтүү


ЖМА билим алууга ынтызар адамдарга өздөрүнүн учурдагы кызыкчылыктары менен кыялдарын ишке ашырууга жана дагы жаңы кыялдарын изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет! Биз академиялык жана кошумча окуу программалары боюнча теңдешсиз студенттик тажрыйбаларды сунуштайбыз...


Камиля Кадырова, ЖМАнын директору

КӨБҮРӨӨК БИЛҮҮ ҮЧҮН


лар








Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028