ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - «Эркин өнөр жана илимдер» бөлүмү
«Эркин өнөр жана илимдер» бөлүмү

Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү Борбордук Азиядагы Америка университетинин англис тилинде окутулган биринчи дисциплиналар аралык бакалавр программасы. Бул уникалдуу программа гуманитардык билимдин кеңдигин жана тандалган концентрацияда атайын билимдин тереңдигин сунуштайт.

Негизги Маалымат

БААУдагы LAS бөлүмүнүн ЖЕТИ пайдасы


XXI КЫЛЫМДЫН БИЛИМИ

LAS бөлүмү - бул чыныгы дүйнөдө жашоого даярдаган дисциплиналар аралык программа. Студенттер ала турган көндүмдөр аларга келечектеги социалдык-экономикалык жана технологиялык реалдуулукта атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берет.


ИЙКЕМДҮҮЛҮК

Окууга даяр болгонуңузда ылайыктуу адистигиңизди тандаңыз, анткени көпчүлүк учурларда адистикти тандоо мектептен кийин абдан татаал болот. Биздин программа сиздин кызыкчылыктарыңызды жана артыкчылыктарыңызды аныктоого жана окуу тармагын ишенимдүү тандоого жардам берет.


ТҮРДҮҮ АДИСТИКТИ ТАНДОО

Программа 11 жаңы окутуу адистиктерин сунуш кылат. Учурдагы адистиктерден тышкары, биздин программа адам укуктары, экология жана шаар таануу, математикалык моделдөө, социалдык ишкерлер ж. б. бар.


БААУдагы БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖОГОРКУ САПАТЫ

Сиз квалификациялуу профессорлордон билим алып, келечектеги карьераңыз үчүн эң керектүү көндүмдөрдү аласыз.


ПРАКТИКАСЫЗ БИР ДАГЫ КҮН ӨТПӨЙТ

Студенттер лабораториялык иштерди, өндүрүштүк жана ачык асман алдындагы практиканы, археологиялык практиканы, экологиялык экспедицияларды, илимий долбоорлорго катышууну жана башка көптөгөн нерселерди жасашы керек.


КОШ ДИПЛОМДОРДУН ПРОГРАММАСЫ

Биздин бүтүрүүчүлөр америкалык жана кыргызстандык эки диплом алышат, бул аларга магистратурада окуусун улантууга жана дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында карьера курууга реалдуу мүмкүнчүлүк берет.


ЖУМШАК КӨНДӨМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ

Бул программа студенттердин баарлашуу, критикалык ой жүгүртүү маселелерин чечүү, изилдөө жөндөмдөрү жана алардын кийинки карьерасында жана жашоосунда абдан пайдалуу болгон көптөгөн башка көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Биз менен байланыш:

PHONE
+996 312 915 000 ext. 487

EMAIL
las@auca.kg

333


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028