ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - LAS Командасы жана Окутуучулар

LAS Командасы жана Окутуучулар

Данияр Карабаев

Декан, Ага окуутучу

Искусство, гуманитардык илимдер жана коммуникация бөлүмү

 

Эл. почта: [javascript protected email address]

Телефон: +996 (312) 915000 доб. 487

Кабинет: 333

 

Данияр Карабаев Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин деканы жана ага окутуучусу. Данияр учурда Кыргыз улуттук университетинде аспирантурада билим алууда. Ал Цукуба университетинде Билим жана маданияттын саясаты боюнча магистр даражасын (2011, Япония), ЕККУ Академиясынан саясат таануу боюнча магистр даражасын (2009, Кыргызстан) жана Хорог мамлекттик университетинде тил илими боюнча өзгөчө адистик даражасын (2007, Тажикстан) алган.

Данияр 2012-жылы БААУда “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин жана Жалпы билим берүү программасынын координатору жана окутуучусу болуп эмгек жолун баштаган. Ал 2014-жылы Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы болуп дайындалган жана Сенатын Аткаруу комитетинин мүчөсү болуп иштейт. Данияр cанарип педагогикасы, cанарип Манас таануу, Борбордук Азиянын билим берүү жана саясаты, оозеки тарых тажрыйбалары жана постсоветтик мамлекеттерде тил жана билимдин ролу багытында ар кыл темаларды изилдеп, ар кандай долбоорлорго катышып келет, айрыкча билим берүүнүн тажрыйбасы жана саясаты Борбор Азиядагы коомдук жана саясий өнүгүүгө кандай таасир этээрине көңүл бурат.

  • Мугалимдерге арналган илимий-изилдөө гранттары (БААУ), 2019-2022
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «КЫРГЫЗ ТИЛИ» төш ​​белгиси менен сыйланды, № 244, 27.10.2020-ж. 51
  • MEXT стипендиясы (Япония Өкмөтү), 2010-2011
  • Ага Хан Фондунун стипендиясы, 2002-2007
  • Санарип педагогикасы
  • Санарип Манас таануу
  • Борбордук Азиянын билим берүү жана саясаты
  • Оозеки тарых тажрыйбалары
  • Постсоветтик мамлекеттерде тил жана билимдин ролу

Китептери:

  • Кыдыршаанын кыргыз санжырасы», Бишкек, Турар басмасы, 2019, Карабаев Данияр, Ташбаев Д, Кадыров М.
  • Мектеп окуучуларын жана алардын ата-энелерин жаңы окуу жылында онлайн окутууга даярдоо. Колдонмо, 2020, Бишкек, авторлош.

Макалалары:

  • “Билимдеги тилдин ролу: Тажикстандын Бадахшан провинциясындагы кыргыз тилдүү мектептерге көз салуу” Элиз С. Ан менен “Борбордук Азиядагы тилдин өзгөрүшү” ред. Ahn, Elise S and Smagulova Juldyz, De Gruyter, Германия, 2016-ж.
  • “Дүйнөнүн төбөсүндө тажик-кыргыз достугу”, “Кыргызстан жана Борбордук Азия – диалог мейкиндиги: Өткөндө, азыркысында жана келечекте этностор аралык мамилелерди чыңдоо”, КУУ, Бишкек, 2015-ж.
  • “Борбордук Азиядагы этникалык азчылыктардын саясий социалдашуу процесси” “Көп улуттуу Борбордук Азиянын маселелери: чакырыктар жана чечүү жолдору”, Бишкек, Кыргызстан 2013-ж.
  • «Кыргыз-тажик мамилеси», Борбордук Евразия Окумуштуулары жана Медиа Демилгеси Би-Би-Си Кыргызстан менен биргеликте басып чыгарган, 4-январь, 2012-жыл.
  • «Тажикстандагы башаламандык жана андан ары», The Sunday Indian Journal, декабрь 2011
  • «PISAнын Кыргызстандын орто билим сапатына тийгизген таасири (кыргыз тилинде)», «Шоокум» журналы, Бишкек, Кыргызстан, №9 (38) 2009-жыл.
  • Заманбап искусствонун концепциялары
  • Кыргыздын салттуу оюну Ордо
  • Оозеки тарыхтын усулдары
  • Санариптик Манас таанууга киришүү
  • Санариптик тарыхтар
  • Шахмат

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028