ֱ

Kamila Eshalieva

Kamila Eshalieva

10&Բ;мая&Բ;2023

Мен БААУну 3 жыл мурда аяктагам жана ушул күндө журналисттик иштин бардык кереметтерин жон терим сезүүгө жетиштим: митингдерди чагылдырдым, чиновниктер менен маек курдум жана буларга параллель түрдө татаал темаларда материалдарды жаздым

Журналист болуу - бул абдан кызыктуу, бирок түйшүктүү жумуш. Быйыл апрелде менде абсолюттук апатия орун алып, эмне менен алектенүүнү каалап жатканымды билбей кыйналдым. Кандайдыр-бир глобалдык нерсе жасагым келди. Мына ошондой күндөрдүн биринде Фэйсбукта бир билдирмеге көзүм түшүп калды жана ал менин жашоомду өзгөрттү. Бул изилдөөчү журналисттердин глобалдык түйүнүндөгү (GIJN) вакансия тууралуу билдирме эле. Муну кантип түшүндүрүп берүүнү билбейм, бирок жарыяны көрөр замат бул менин багытым экенин сезгем. Вакансияга өтүнмө жөнөттүм да күтө баштадым.
Белгилей кетсек, GIJN - бул дүйнөнүн 82 өлкөсүндө 211 уюмдун башын бириктирген алдыңкы Эл аралык ассоциация. Анын күч-аракеттери дүйнө жүзү боюнча изилдөөчүлүк жана дата-журналистиканы өнүктүрүүгө багытталган. Бир мисал - уюм Ооганстандан журналисттерди эвакуациялоого жардам берди. Ошондой эле GIJN 2 жыл сайын ири иш-чара уюштуруп келет - изилдөөчү-журналисттердин глобалдык конференциясы. Бул саамалык дүйнө жүзү боюнча калемгерлерди чогултат. Быйыл ал онлайн түрүндө өтсө, кийинкиси Австралия өтмөкчү. Негизинен GIJN абройлуу уюм болгондуктан, өтүнмө берип жатканда менде эч кандай күмөн болгон эмес.

GIJN катарына кошулуу бир топ эле кыйын. Алардын кызматкерине айлануу үчүн мага бир нече баскычтардан өтүү керектелди жана буга жай мезгилимдин баары кетти. Менин кызматым “Russian associate editor” деп аталып, биз редакторум экөөбүз маалыматтарды орус тилинде жайылтабыз. Уюмдун сайты - тажрыйбалуу калемгерлер менен бирге карьерасын жаңыдан баштап келаткан журналисттер үчүн да пайдалуу маалыматтардын кенчи. Анда дээрлик баары бар: учактарды күзөтүп баруу менен спутниктик сүрөттөрдү пайдалануу боюнча инструкциялардан тарта физикалык жана санариптик коопсуздук боюнча колдонмолорго чейин. Эгер мен GIJN жөнүндө студенттик кезде укканымда, анда азыр аймагыбыздагы эң мыкты журналист болмокмун. Ошентсе да буга качандыр-бир кезде жетишем деп ишенем.

Кесиптештерим тууралуу да эки ооз кеп айта кетпесем болбос. Чынында мен эч качан мындай ынак адамдар менен иштешкен эмесмин. Биз ар кандай өлкөлөрдө жашаганыбызга карабастан, өмүр бою достошуп келаткандай сезилет. Баса, мен Борбордук Азиядан жалгыз кызматкер боломун. Мен жергиликтүү журналисттер бизге кайрылып, биздин ресурстарды пайдалануусун абдан каалайм. Анткени биздин аймактын журналистикасы бир жерде турбашы керек. Андыктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз жана биздин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларыбызга катталыңыздар!
Аталган уюмдан тышкары мен Open Democracy Эл аралык басылмасы үчүн Кыргызстандагы окуяларды чагылдырам. Өткөн жылдын күзүндө мен “троллдор фабрикасы” жөнүндө изилдөөмдү чыгаргам. Ал Кыргызстан эле эмес, бүт дүйнөгө кеңири жайылып кетти. Албетте бул кубандырбай койбойт. Баарынан да мени чет элдик кесиптештерим мактап, маектерге чакырып шыктандырышат. Ошентип, мен алар үчүн Кыргызстандын жаңылыктарынын ааламына жол көрсөтүүчү болуп калдым.

Максаттарга келсек, менде баары жөнөкөй: качандыр-бир кезде мен айтылуу New York Times басылмасында иштейм жана Пулитцеровдук сыйлыкка жетем. Эң негизгиси - өз күчүңө ишенүү жана эч качан багынбоо!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028