ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Руслан Сулайманов

Руслан Сулайманов

“Бизнести башкаруу” - 2008-жыл; “Эл аралык бизнес укук” - 2010-жыл.

Жашоо - бул спринт эмес, а марафон. Ийгилик - бул өзүңдүн үстүңдө тынымсыз иштөөнүн жана максатты көздөй өжөрлүктүн үзүрү

Руслан Сулайманов

Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Кайда төрөлүп-өскөнсүз? Учурда эмне менен алектенесиз?

Руслан: Мен Кыргыз Республикасында төрөлүп-өстүм. 2010-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетин аяктагам. Учурда King & Spalding компаниясында юрист болуп эмгектенем. Бул АКШда 130 жыл мурда түптөлгөн Эл аралык юридикалык фирма. Фирманын кеңселерине Нью-Йорк, Лос-Анджелес, Лондон, Москва, Париж, Франкфурт, Сингапур, Токио жана башка дүйнөнүн ири шаарларында жайгашкан. Мен негизинен биригүү жана кошуп алуу, камсыздандырылган каржылык келишимдерге, түз инвестициялар жана корпоративдик кайра курууларга адистешем. Соңку бир нече жылдарда менин тажрыйбам негизинен Дубай жана Сауд Арабияда орун алды. Ошондой эле мен Сауд Арабия падышачылыгындагы биздин кеңсе менен тыгыз кызматташам. Фирма Дубай, Абу-Даби жана Эр-Рияддан турган бүт Жакынкы Чыгыш аймагын кучагына алат. Бириккен Араб Эмираттарындагы ишмердүүлүктөн тышкары мен Кувейт, Катар, Бахрейн жана Омандагы кардарлардын кызыкчылыгын коргойм жана ал жактагы жергиликтүү юридикалык фирмалар менен кызматташам. Мен аймактын ар кандай тармактарына инвестиция жасаган кардарларга кеп-кеңештерди берем. Андай тармактардын катарында саламаттыкты сактоо, билим берүү, инфраструктура, электрондук коммерция жана энергетика бар.

Сиз БААУда экилик диплом программасын аяктадыңыз. Эмне себептен сиз эки программаны тандадыңыз?

Руслан: Туптуура. Менин эки дипломум бар: бири “Бизнести башкаруу” адистиги боюнча болсо, экинчиси “Эл аралык жана бизнес укук” адистиги боюнча. Чынында бул эки дисциплиналар бири-бири менен байланышкан жана бири-бирин толуктап турат. Мисалы, бухгалтердик эсеп боюнча билим юридикалык аудит жүргүзүүдө тобокелдиктерди так аныктоого жана анализдөөгө мүмкүндүк берет. Ишкерлик баарлашуунун ыкмалары келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр учурунда жардам берет. Маркетинг жана менеджментти билүү юридикалык фирмаларда иштеген юристтерге өздөрүнүн юридикалык тажрыйбасын өстүрүүгө, жаңы кардарларды тартууга жана кенже юридикалык кызматкерлер менен адвокаттардын ишин координациялоого жардам берет. Кардарлар да муну баалайт, анткени бизнести башкаруу тууралуу жалпы түшүнүккө ээ болуу юристке бизнес операцияларын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Эки программа тең БААУ тарабынан абдан жакшы иштелип чыккан. Бул программалар боюнча окутууда каныккан окуу планы ишке ашырылып, күчтүү профессорлор да эмгектенишет.

Сиз эмне үчүн БААУну тандадыңыз? Окууга тапшырууга кантип даярдык көргөнсүз?

Руслан: Ата-энелерим мага дем-күч берген адамдар. Алар мага бала кезимден эле билимди сүйүүнү жана жаңы горизонтторду ачууну үйрөтүшкөн. Атам таасирдүү китептер жыйнагын чогултуп, анын аркасында мен атактуу окуялуу романдардын каармандары менен бирге үйдөн чыкпай эле көптөгөн өлкөлөргө жана континенттерге “саякат” жасагам. Апам мени кичине кезимден эле англис тилин үйрөнүүгө үндөп, анын өз кезегинде мага келечекте чоң пайдасы тийди. Мына ушул факторлор менин БААУга болгон келечектеги жолумду аныктады деп эсептейм.

Мектеп жылдарында мен англис тили боюнча бир катар сынактарга катышкам, андан соң менин талапкерлигимди Future Leaders Exchange (FLEX) программасына катышуу үчүн тандап алышкан. Бул программа менин АКШда билим алуума түрткү болду. Мен Калифорнияда кабыл алуучу үй-бүлөдө жашадым жана алмашуу программасынын негизинде жергиликтүү мектепте америкалык окуучулар менен бирге билим алдым. Бөтөн өлкөдө жашоо менен мен окуу жылынын аягында өз өлкөмдө өтчү бүтүрүү сынактарына даярдануунун уланттым. Аны менен катар орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө КРнын ЖОЖдоруна окууга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрүүнү да унуткан жокмун. Мекениме кайтып, аталган тестирлөөнү ийгиликтүү тапшыруу менен жогорку упайлардын бирине ээ болдум. Натыйжада КРнын Президентинин колунан ардактуу сертификат алдым. Бул сертификат менин жалпы билим берүү программалары боюнча билимдеримди тастыктап, ЖОЖдорго кабыл алуу сынактарын тапшырбастан, окууга өтүү мүмкүнчүлүгүн тартууламак.


БААУ өлкөдөгү аброюна жараша эң мыкты варианттардын бири болчу. Мен алгачкы жолу БААУга абитуриенттер үчүн жалпы маалыматты текшерүү үчүн барганымда кабыл алуу комиссиясынын кызматкерлери сертификатымды алып коюшкан. Алар мага билим алуу үчүн толук стипендия сунушташкан. Андыктан акыркы чечимди мен эмес, а БААУ кабыл алган десем жаңылышпайм. БААУ сунуштаган стипендия ошол кезде мен жана менин үй-бүлөм үчүн чоң ролду ойногон. Ошондуктан мен сунушту эч күмөн санабастан туруп кабыл алгам жана буга эч качан өкүнбөйм.

БААУнун студенттеринин жашоосу тууралуу эскерүүлөрүңүз менен бөлүшө кетсеңиз. Айтсаңыз, БААУ сизди кантип ачты жана дараметиңизди өнүктүрдү? Эмне себептен болочок студенттерге БААУга окууга тапшыруу кеңешин бересиз?

Руслан: БААУда студенттик жашоо абдан каныккан болгон. Бул окуу жай курстун кенен тандоосун сунуштайт. Негизги сабактардан тышкары немис, испан же башка чет тилдерин иликтесе болот. Мындан тышкары спорт, музыка, чечендик өнөр, драматикалык искусство жана башкаларга арналган көптөгөн курстар бар. Студенттер университеттик сенатка шайлана алышат. Эгер укуктук изилдөөлөр факультетине токтоло турган болсок, анда студенттер оюндук соттук процесстер сынактарына катышат, юридикалык клиникада иштөө менен юридикалык консультацияларды берип чоң тажрыйба топтошот, сот жана юридикалык фирмаларда таажрыйбадан өтүп, өз ыкмаларын өркүндөтүшөт, өз илимий эмгектерин юридикалык бюллетендерге жарыялашат. Бул университеттин дагы бир артыкчылыгы заманбап технологиялык инфраструктары менен жабдуулардын болуусу саналат: проекторлор, компьютердик класстар жана заманбап аудиториялар. Ошондой эле абройлуу лекторлор чакырылат. Бирок БААУ башка жергиликтүү ЖОЖдордон чет элдик адамдар менен чогуу билим алуу мүмкүнчүлүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Натыйжада студенттер башка маданияттар жана салттар менен таанышышат. Мен Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ооганстан, АКШ жана Канададан келген коноктор менен окуп калдым. Алардын көбү менен жакшы досторго айландык.

БААУну аяктагандан кийин сиз укуктун магистри даражасын алдыңыз. БААУда алган ыкмалардын андан ары билим алууда пайдасы тийдиби? Эмнеге магистр даражасын алууну чечтиңиз?

Руслан: Ооба мен магистратураны Будапешттеги Борбордук-Европалык университетте алдым. 2011-жылы Эл аралык коммерциялык укук магистри даражасын алдым. Аталган ЖОЖдо окуган БААУнун көптөгөн таланттуу бүтүрүүчүлөрү менен таанышмын, аларга да магистратурада окуу бактысы буюруптур. Алар ири Эл аралык уюмдарда, алдыңкы юридикалык фирмаларда жана академиялык чөйрөлөрдө укуктан сабак берип келишет.
БЕУ окутуунун интенсивдүү формасын сунуштайт. Академиялык талаптар бир топ эле жогору. Ар бир магистрдик программа толугу менен англис тилинде окутулат. Белгилеп кетчү нерсе, БЕУ башка өлкөдө билим алууну улантуу үчүн зарыл болгон бардык тилдик ыкмаларды алдын-ала караштырган. БЕУда билим алуу учурунда студенттер күн сайын академиялык материалдардын жүздөгөн беттерин карап чыгууга милдеттүү. Мындай жол менен жаш адистер кыска убакытта көп өлчөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгууну талап кылган болочок юридикалык карьерага даярданышат.
БЕУнун окутуучулары өз сабактарында Сократтын ыкмасын көп колдонушат. Лекция окуунун ордуна алар аудиторияда талкуулоону же өз алдынча талдоону талап кылган гипотетикалык көйгөйлөрдү беришет. Бул ыкма абдан эффективдүү болгону менен билими салттуу “советтик” ыкмага негизделгендерге адаттан сырт көрүнүшү мүмкүн. Сократтын ыкмасы БААУнун окутуучулары тарабынан кенен колдонулуп, бул мени БЕУда билим алууга даярдады.
БЕУ студенттер менен жолугушууга кызыктуу конокторду көп чакырат. Билим алуу учурунда менде семинарга катышып, Нобель сыйлыгынын лауреаты жана тибеттик буддисттердин руханий лидери Далай-лама менен жеке баарлашуу мүмкүнчүлүгү жаралган. Магистр даражасы көптөгөн эшиктер менен мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жеке мага Кыргызстандын алдыңкы юридикалык фирмасына жумушка орношуу жана университеттерде укуктан сабак берүү мүмкүнчүлүгүн берди.

БААУ жана БЕУну аяктагандан кийинки жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз?

Руслан: Университетти аяктагандан кийин мен “Kalikova & Ассошиэйтс” (K&A) юридикалык клиникасында эмгектенүү менен бир нече жыл юридикалык практика менен алектендим. Бул Кыргызстандагы алдыңкы фирмалардын бири. Көптөгөн жылдардын аралыгында Chambers Global, Who's Who Legal, Best Lawyers сыяктуу юридикалык фирмалардын ар кандай Эл аралык сурамжылоолорунда фирма жогорку позицияларды ээлеп келет.
K&A командасынын курамында Кыргызстанда кеңири таанымал болгон маанилүү инвестициялык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгү жаралган. Биз алтын өндүрүү, мейманканалар бизнеси, банк иши, энергетикалык сектор жана бакша тармактарга байланышкан өлкөнүн экономикасы үчүн абдан маанилүү болгон маселелер боюнча кеп-кеңештерди берип келдик. Өз юридикалык практикамдын жүрүшүндө чет элдик инвесторлорго Кыргызстанда бизнес-мекемелерин түзүүгө жардам бердим. Бул өз кезегинде жумушсуздуктун азайышына жана инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууга түрткү болду. Мага өзгөчө БААУнун жаңы экологиялык туруктуу кампусун курууга байланышкан кээ бир аспектилер боюнча кеп-кеңеш берүү абдан жакты. Бул геотермалдык жылытуу технологиясы жана жаандын сууларын чогултуу системасы пайдаланылган Кыргызстандагы биринчи курулуш долбоору болгон.
K&A фирмасындагы юридикалык тажрыйба мага кыска убакыттын аралыгында маанилүү кесипкөйлүк тажрыйба чогултуу мүмкүнчүлүгүн берди. Бул тажрыйбамды Кыргызстанда иштейм деген болочок юристтер менен бөлүшүү мага жагат. Магистр даражасын алгандан кийин БААУ алгач мени Эл аралык жеке менчик укук (укукту иликтеген студенттерге), кийинчерээк ишкерлик мыйзам чыгаруучулук курсун (ишкерлик администрациялоону иликтегендерге) өтүүгө чакырды. Мындан тышкары күн алыс мени чакырылган лектор катары да чакырып турушат. Алсак, жакында БААУнун 3-4-курстарынын студенттерине “Биригүү жана кошуп алуу” темасында онлайн-лекция окудум.

Билим алуу учурунда бакша өлкөлөргө баруу мүмкүнчүлүгү болгонбу?

Руслан: Албетте. Аспирантурада окуп жүргөн кезде курсташтарыбыз менен бирге дем алыштарда коңшу европалык өлкөлөргө такай саякаттап турчубуз. Европа Биримдиги боюнча саякаттоо жеткиликтүү. Жада калса университет берген стипендиянын эсебинен билет сатып алып мүмкүн эле. Мен Венгрия, Австрия, Чехия, Словакия, Польша жана Норвегия боюнча саякаттоого жетиштим. Саякаттап жүрүп, БААУнун бутүрүүчүлөрүн кезиктирип калган учурларым да болбой койгон жок. БААУнун бүтүрүүчүлөрүн дүйнөнүн каалаган булуң-бурчунан жолуктурууга болот.


“Kalikova & Ассошиэйтс” компаниясында иштеп жүргөн кезимде менде өлкөбүздүн алыскы аймактарына жана ошондой эле Казакстан, Россия жана Улуу Британияга иш-сапарлары менен баруу мүмкүнчүлүгү боло турган. Мына ошондой саякаттарымдын бири эстеп кетпейт. Аталган компаниянын мурдагы башкаруучусу (баса ал да БААУнун бүтүрүүчүсү) менен Лондонго иш-сапары менен барып калдык. Иш-сапардын максаты өнөктөш фирмалар менен байланыштарды түзүү жана Глобалдык юридикалык саммитке катышуу болчу. Конференция Англиянын эң таанымал укуктук документи болгон Магна Картанын 88 жылдыгына арналган. Анда бир да адам акыйкаттык жана мыйзамдан айрылбастыгы айтылат. Отурумдардын бири Лондондун Жогорку сотунда өтүп, мен ошол эски тарыхий документтин түп нускасын өз көзүм менен көргөм.
Белгилей кетчү нерсе, юридикалык ЖОЖдорду аяктагандан жана Кыргызстанда юридикалык тажрыйба топтогондон кийин да мага өзүңдүн үстүңдө иштөөнү улантуу маанилүүдөй көрүндү. Бул максатта мен Эл аралык укуктун Гаага академиясы тарабынан уюштурулган Эл аралык укук боюнча жайкы мектепке катыштым. Академия Нидерландыдагы Тынчтык сарайында жайгашкан. Бул жерде Эл аралык сот жана бейтараптык сотунун туруктуу палатасы сыяктуу жогорку соттук мекемелер орун алган.

Сиз АКШ, Европа жана Жакынкы Чыгышта жашадыңыз жана кесипкөйлүк жактан өнүктүңүз. Чет өлкөлөрдө жана мекениңизде алган тажрыйбаларыңызды кантип салыштырып бере аласыз?

Руслан: Жер жүзүнүн ар бир аймагында өз өзгөчөлүктөрү бар экени талашсыз. Бизнестин маданияты, салттары жана аны жүргүзүү түрлөрү бири-биринен айырмаланып турат. Мындай айырмачылыктар ар кандай тарыхий, географиялык жана башка фаткорлор менен шартталган. Бирок адамдын келип чыгышы, анын диний жана саясий көз-караштарынан көз карандысыз түрдө жалпы тааныган жана эсептешкен белгилүү бир баалуулуктар бар. Чынчылдык, эмгекчилдик, адамдарга жана өз ишиңе ак ниеттүүлүк менен мамиле жасоо бардык жакта баркталат жана кабыл алынат.

Эгер тажрыйбаны салыштыра кетсем, анда Эл аралык тажрыйба адатта кесипкөйлүк ыкмаларды алууну тездетет, ишкерлик жөндөмдөрдү өнүктүрөт жана кабыл алуу горизонтторун бир топ эле жакшырат. Эл аралык тажрыйбага ээ кесипкөй маселеге башка нукта карайт жана чечимдердин кенен спектрин сунуштайт. Ар кандай көз-караштарга чыдамдуулук менен мамиле жасоону талап кылган мультимаданий байланыштардын мүнөзүнүн негизинде кардарлар, өнөктөштөр жана атаандаштар менен өз-ара аракеттешүү башка деңгээлге көтөрүлөт.

Менин өз мекенимде юрист катары топтогон мурдагы тажрыйбам жана академиялык даярдыгым мага романо-германдык укук системасын (ошондой эле “жарандык укук” же “континенталдык укук” катары белгилүү) түшүнүүдө көп нерсе берди. Бул укук системасы КМШ өлкөлөрүнүн баарына жана континенталдык Европанын көп бөлүгүнө мүнөздүү. Жакынкы Чыгышта мыйзам чыгаруучулук аралаш болуп саналат. Мисалы БАЭнин мыйзамдары түзүмү жагынан континенталдык укукка жакын, бирок ошол эле учурда исламдык шариаттын принциптерине негизделген. Мындан тышкары БАЭде эркин экономикалык аймактардын тармактуу системасы болуп, алардын ар бири “кургак” укуктарынан айырмаланган жеке укуктук системасына ээ. Мисалы Дубай жана Абу-Дабидеги Эл аралык каржылык аймактар жалпы укук менен жөнгө салынат же ага негизделет. Мындай ар түрдүү укуктук системалар менен таанышуу кесипкөйлүк дүйнө тааным менен компетенттүүлүктөрдү бир кыйла кеңейтет.

Болочок кесипкөйлүк пландарыңыз кандай? Кайсы багытты көздөй бет алып жатасыз?

Руслан: Негизги тажрыйбасы бар жана континенталдык укук тармагында академиялык даярдыгы бар Эл аралык укуктун юристи катары жалпы укукту терең иликтөөгө кызыкдармын. Бул соттук преценденттерге негизделген. Мындан тышкары мен учурда венчурдук капитал, технологиялык укук жана интеллектуалдык менчик тармактарында билимдеримди жогорулатуудамын. Ошондой эле Эл аралык деңгээлде юридикалык тажрыйба арттыргым жана өз тажрыйбам менен Кыргызстандын үйрөнчүк юристтерине сабактар жана лекциялар аркылуу бөлүшкүм келет.

Ийгилигиңиздин сыры эмнеде? Абитуриенттерге жана БААУнун студенттерине кандай кеңеш бересиз?

Руслан: Эң оболу жашоо - бул спринт эмес, а марафон экенин түшүнүү маанилүү. Ийгилик - бул өзүңдүн үстүңдө тынымсыз иштөөнүн жана максатты көздөй өжөрлүктүн үзүрү. Ошол эле учурда ийгилик максат болбошу керек, анктени бул абстракттуу түшүнүк. Өз үй-бүлөңө, коомго жана мамлекетке пайда алып келүү каалоосу абдан маанилүү, анткени ал жашооңо маани берет. Ал эми башка нерселерге келсек, анда силерге буларды каалайм:

- ийкемдүү болуу, бирок ошол эле учурда сынбас ички өзөктү тарбиялоо жана принциптердин болуусун;
- спорт менен туруктуу алектенүү жана сергек жашоо образын алып жүрүүнү;
- өзүңдүн жана башкалардын убактысын баалоону (эсиңиздерде болсун, убакыт - бул эң баалуу ресурс);
- жеке жана бирөөлөрдүн каталарынан сабак алууну;
- өзүңдү санаалаштар менен курчоону; жана
- улуу жолдоштордун, профессорлордун жана кесиптештердин арасында насаатчыларды издөөнү (БААУда туура жол көрсөтүп, керек болгон колдоону көрсөтө турган окутуучулар көп экенин унутпаңыз).

Эгер алга жылууну уланта берсеңиз, анда эч кандай кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликке жетериңизге ишениңиз. Өтүмүштө акылман адамдар айткандай: “Миңдеген чакырымдарга жол бир кадамдан башталат” же болбосо “акырындык менен кадам сайын басып отуруңуз”.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028