БАКАЛАВР ПРОГРАММАЛАРЫ ҮЧҮН КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ
БААУ сиздин билим алууңуз сиз жана үй-бүлөңүз үчүн маанилүү инвестиция экенин түшүнөт жана биздин Каржылык жардам бөлүмү арыз берүү процессинде сизге жардам көрсөтүүгө даяр. Азыркы учурда биздин бакалавр программаларындагы студенттердин 70% жеңилдиктер же стипендиялар менен окушат. Университет финансылык жардамды каржылык муктаждык жана академиялык жетишкендиктердин негизинде берет.
Ким финансылык жардамга кайрыла алат?
- КМШ өлкөлөрүнөн келген талапкерлер жана учурдагы студенттер финансылык жардам алуу үчүн арыз бере алышат. Берилген мөөнөт ичинде арыз берүү өтө маанилүү.
Маанилүү маалымат
- Өз убагында тапшырыңыз: Каржылык жардам алуу үчүн арызыңызды көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда тапшыруу абдан маанилүү
- Бардык талаптар аткарылган учурда студенттин биринчи жылы алган финансылык жардамы, кийинки жылдары да ошол эле көлөмдө сакталат
Каржылык жардамдын түрлөрү
- Стипендия: Студенттин академиялык жетишкендигине, талантына, каржылык муктаждыгына же белгилүү критерийлерге жараша берилген финансылык жардамдын түрү
- Жетишкендиктерге негизделген жардам: Студенттерге алардын академиялык, чыгармачылык же башка жетишкендиктерине жараша, каржылык муктаждыгына карабастан берилген финансылык жардам
- Муктаждыкка негизделген жардам: Студенттерге алардын каржылык абалына жана тастыкталган муктаждыгына жараша берилген финансылык жардам
Каржылык жардамдын бардык жеткиликтүү түрлөрү жөнүндө маалымат алуу үчүн барактын оң бурчундагы кошумча менюга өтүңүз.
Байланыштар
Төлөмдөр жөнүндө маалымат - service@auca.kg
NGA даярдоо программасы - nga@auca.kg
Магистратура программаларынын финанансылык жардам мүмкүнчүлүктөрү - (тапшырып аткан программага туздөн - түз кайрылыңыз)
Биз сиздин академиялык сапарыңызда сизге колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Жардамга кайрылуудан тартынбаңыз.