ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Лазиз Абдулазизов, “Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүгүү” программасынын 2-курсунун студенти, 2015-жылдын жазында Норвегиянын табигый илимдер университетинде билим алган

Лазиз Абдулазизов, “Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүгүү” программасынын 2-курсунун студенти, 2015-жылдын жазында Норвегиянын табигый илимдер университетинде билим алган

Ал биринчи жолу үй-бүлөсү менен досторунан алыс чет өлкөдө жашап жатканына карабастан, Норвегиядагы жашоо таптакыр башкача. Лазизди жашаган жери, адамдар, маданият жана билим берүү системасы абдан таң калтырган. Келгиле анын Скандинавиядагы укмуштуу окуяларына назар салалы! Алмашуу программаларына өтүнмөлөрдү берип, баа жеткис жана кайталангыс тажрыйба алыңыздар!

“Мен Борбордук Азиядагы Америка университетинин Экологиялык туруктуулук жана туруктуу өнүгүү программасынын студентимин. Менин окуу жайым Ослодон алыс эмес жайгашкан Ос шаарындагы Норвегиянын табигый илимдер институту менен эки тараптуу мамилеге ээ. Күзгү семестрде мени студенттердин алмашуу программасынын негизинде окууга кабыл алышты. Чыгымдардын баары программа тарабынан камсыздалгандыктан, виза жана Норвегияда жашагандыгым үчүн акча каражатын төлөгөн жокмун. Бул менин европалык өлкөгө болгон алгачкы сапарым. Андыктан мен абдан толкундандым жана бул саякаттан эмне күтүүнү билген жокмун. Визалык процесс чыңалган жана аныксыздык абалда өттү. Мага визе берилеби же жокпу деп көпкө күттүм. Баса, ошол мезгилде мага кеп-кеңештерин айтып, ар тараптан колдоо көргөзгөн досторума ыраазычылык билдирем. Бактыга жараша баары оңунан чыгып, мен өз саякатыма аттандым. Менин Норвегиядагы алгачкы күндөрүм бир аз татаал болду. Бул мен үчүн үй-бүлөмдөн алыс жакта жашоонун алгачкы учуру болгон жок, анткени мен Өзбекстандан болом жана Кыргызстанда окуйм. Бирок Норвегияда адамдар жана маданият таптакыр башкача болуп, башында буга көнүшүү кээ бир кыйынчылыктарды жаратпай койгон жок. Бирок көп өтпөй көнүшүп, жаңы досторду таптым. Учурда менин ар кандай өлкөлөрдөн гана эмес, ошондой эле ар түрдүү континенттерден да досторум бар. Алар маданияты, дини жана денесинин түсү менен айырмаланышат. Менин ошол жакын досторумдун арасында украиналыктар да бар. Менин БААУдагы экинчи адистигим саясат болгондуктан, россиялык-украиналык чатагынан кийин украиндер тууралуу көптөгөн негативдүү кептерди угуп калдым. Теледен берилген кабарлардан кийин мээмде жаралган сүрөттөр чынында мени коркутту. Бирок абалды кылдат иликтегенден кийин бул болгону саясат экенин түшүндүм. Чынында адамдар ким жана кайсы өлкөнүн жараны болгондугунан көз карандысыз түрдө бири-бирине жардам берүүгө ар дайым даяр. Бул жакта мени кабыл алган университете 3 класс бар жана алардын баары татаал болуп, болгон күч-аракетти талап кылат.



Норвегия мага тажрыйба жана досторду берип гана тим болбостон, ошондой эле мага шенген визасын тартуулады. Анын аркасында мен бүт Европа боюнча кенен саякаттай алам. Менин жакын досум Нурали Абдухалилов да БААУнун алмашуу программасы менен Германияда окуп келет. Каникул учурунда мен ага жолугуп, жүз көрүшүп келдим. Бул оңой болду, жөн гана билет сатып алдым да Германияга жөнөп кеттим. Германияга жасаган сапарым тууралуу голливуддук тасмага жарачудай миллион долларлык сценарий жазса болот, бирок аны бул жерде жазууга көп убакыт кетип калмак. Башында Германияда 1 апта болууну пландаштыргам, бирок жаш болгондугума жана кызыктуу окуяларды баштан өткөрүүнү самагандыгыма байланыштуу Рига Эл аралык аэроптортунда түнөө үчүн андан ары Бельгия менен Францияга жөнөдүм. Бул арада аэропорттордо уюлдук телефонго заряддык орнотмо жана акысыз Wi-Fi издеп жакшы эле тажрыйбага ээ болдум. Айтор баштан эмнелер гана өтпөдү. Бузулган шайтан араба жана бир тыйын акчам жок бир 25 чакырым аралыкты басып өтүү анчалык деле кыйын эмес экенине ынандым. Германиянын Мюнхенден баштап Кельнго чейин кооз жайларын көрсөткөндүгү үчүн досум Нуралиге ыраазымын. Норвегияга кайтып келип, сабактарга даярданып жатам. Аталган сапардан мен бир нерсени даана түшүндүм - достук - бул дүйнөдөгү эң маанилүү нерсе экен.

Жаңы жерлерди ачып, жаңы адамдар менен таанышуудан коркпогула. Болгону алгачкы кадамдарды жасагыла да, андан ары акырындык менен жүрүп отургула. Баары ишке ашат. Мен муну жеке тажрыйбамдан билем. Парижде аз акчам калса да, француздардын борбор калаасынын Макдональдсдарынын баарына жол таба алам. Дүйнөнүн ири аэропортторунун биринде 18 саатттык күтүү таргедия эмес, тескерисичне шайыр көрүнүш, өзгөчө 3 күн бою жуунбаган болсоң. Европага барганга чейин батыш өлкөсүндө жалгыз кантип жашайм деп абдан коркком. Анткени ал жакта Борбордук Азиядан барган жалгыз студент болчумун. Бирок белгилүү бир убакыттан кийин жаңы шартка ыңгайлаштым да, эр жүрөк боло баштадым. Эми кимдир-бирөө Түндүк полюска баруу сунушун киргизсе, менин суроом “эмнеге?” деген суроо эмес, а “качан?” болот? Жакшы адамдар жок эмес. Муну билүүнүн жалгыз жолу - бул отургучтан туруп, баарын өз алдыңча текшерип көрүү үчүн колдон келген нерсенин баарын жасоо!

П.С. “Түндүк полюска барбагыла, ал жакта силерди көптөгөн ач ауюлар күтүүдө!”

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028