ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор

Суроо: Жатакананын дареги кандай?

Жооп: Сухе-Батор көчөсү 11/1, Юнусалиев менен кесилишет. Жатаканага келе турган коомдук унаалардын каттамдарын тиркемесин телефонуңузга жүктөп алып таба аласыз (Android жана iOS үчүн акысыз).

С:Өз бөлмөмдү жыйнашым керекпи?

Ж:Ооба, бөлмөдө өз алдынча тазалыкты камсыз кылышыңыз керек. Жатакананын жалпы аянттары гана тазалык кызматкерлери тарабынан тазаланат.

С: Ооруп калсам эмне кылышым керек?

Ж:Иш күндөрү университеттин медициналык пунктуна кайрылсаңыз болот. Жатаканада өзүңүздү начар сезсеңиз, кабаттагы тарбиячыга (RA) кайрылыңыз же досуңузду аны чакырып берүүсүн өтүнүңүз.

С: Жууркан, жаздыктарды кайдан алсам болот?

Ж: Айрым чет элдик студенттерге жууркан, жаздыктар берилет. Башка студенттер аларды өздөрү алышы зарыл.

С:Жатаканада жаныбар кармоого уруксатпы?

Ж:Жок, жаныбар кармаганга уруксат берилбейт.

С:Өз бөлмөмдө конокторумду тоссом болобу?

Ж:Бөлмөлөштөрүңөргө тоскоолдук кылбасаңыз, саат 7.00-21.00 ортосунда конокторуңарды тосо аласыңар.

С:Коногум бөлмөмдө түнөй алабы?

Ж:Жок, түнөй албайт. Саат 21:00 чейин жатаканадан кетиши керек.

С:Жатаканада телевизор барбы?

Ж:Ооба, телевизор жатакананын биринчи кабатында жайгашкан.

С: Бөлмөдө эмнелер бар?

Ж:Керебет, жылыткыч, күзгү, чайынма, шкаф, стол. Айрым учурларда талабыңыз боюнча кошумча заттар берилет.

С: Жатаканага чейин кантип жетем?

Ж: Жатаканага көптөгөн коомдук унаалар, автобустар, троллейбустар, маршруттук кичи автобустар келет. bus.kgтиркемесин телефонуңузга жүктөп алыңызз. (Android жана iOS үчүн бекер).

С:Жатаканада WiFi барбы?

Ж:Ооба. Жатакананын имараты толугу менен жабдылган.

С:Бөлмөнү өзүм тандай аламбы?

Жок, бөлмөлөр бөлүштүрүлөт. Бирок, жүйөлүү себебиңиз болсо, бөлмөнү алмаштыруу мүмкүнчүлүгүңүз болот. Бул жөнүндө Жатакана координаторун билдиришиңиз зарыл.

С:Кир жуучу жай барбы?

Ооба, ар бир кабаттын өзүнүн кир жуучу күнү белгиленген. Жатакананын төрт кабаты бар.

С:Жатаканада ашкана барбы?

Ж:Ашкана бар, бирок тамакты өзүңөр даярдайсыңар.

С:Коменданттык саат белгиленгенби?

Ж:Эгерде жашыңыз 18ге жете элек болсо, ЖМА программасынын катышуучусу болсоңуз, силер үчүн коменданттык саат – 22:00 белгиленген. 18ден улуу болуп, бакалавриатта окусаңыз, түнкү 00:00 кечикпей келиңиз.

С:Кандайдыр бир оор абалга туш келсем, кимге кайрылышым керек?

Ж:Биринчи кезекте кабатыңыздын тарбиячысы менен байланышыңыз.

С: Коменданттык сааттан кечигип калсам эмне кылам?

Ж:Жатакананын коопсуздук кызматкерине же кабаттын тарбиячысына телефон чалыңыз, бирок кечигүү үчүн белгилүү чаралар көрүлөт.

С: Жатаканага университеттен жетүүгө канча убакыт кетет?

Ж: Жолдогу абалга жараша 15-30 мүнөт алышы мүмкүн.

С:Өзүмдүн жуунуу бөлмөм болобу?

Ж:Бөлмөлөрдө бирден гана жуунуу бөлмөсү болот.

С:Жатаканада көңүл ачуу шарттары барбы?

Ж:Компьютердик лаборатория, китептер, телевизор бар.

С: Ким менен жашарымды тандасам болобу?

Ж:Ооба, бирок бул жөнүндө жарым жылдыктын башында тарбиячыга айтыш керек. Жатакана координаторунан уруксат алышыңар керек.

С:Түнкүсүн жатаканадан чыксам болобу?

Ж:Ооба, бирок бул жөнүндө тарбиячы жөнүндө коопсуздук кызматкери кабардар болушу зарыл.

С:Жатаканадан университетке автобустар же башка транспорт жүрөбү?

Ж:Автобус, троллейбус, таксилер жүрөт.

С: Сабак окууга шарттар барбы?

Ж:Ооба, компьютердик класс жана сабак окуу бөлмөсү бар. Мындан тышкары жалпы залда көптөгөн китептер бар.

С: Кандай турмуш-тиричилик жабдыктары бар?

O: Ар бир кабатта муздаткыч жана микротолкун меши бар. Ашканада тамак бышыруу очок-плиталары бар.

С:Жатаканада кафе болобу?

Ж:Жок, бирок өзүңүз тамак бышыра аласыз.

С:Жатакананын жанында кафелер барбы?

Ж:Ооба, бир нече кафе жана ашкана бар.

С:Тазалык кызматкери иштейби?

Ж:Ооба, бирок ал тепкич, коридор, холл сыяктуу жалпы аянттарды гана тазалайт.

С:Жатаканада машыгуу залы барбы?

Ж:Жок.

С:Жатаканада медициналык кызматкерлер барбы?

Ж:Жок. Керектүү негизги дары-дармектерди, термометр, таңуу бинттерин кабат тарбиячысынан ала аласыз. Иш күндөрү иш сааттарында университеттин медициналык пунктуна кайрыла аласыз.

С:Жакын жерде кандай көңүл ачуу жайлары бар?

Ж:Жатакананын жанында бир нече кафе, караоке-клуб, Космопарк көңүл ачуу борбору бар.

С:Эң жакын базар кайда?

Ж: Орто-Сай базары эң жакын, жатаканадан 10-15 мүнөт алыстыкта.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028