ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ жаңылыктары

Results: 4454

1
Mar
2023
 
БААУнун Жаңы муун академиясынын стипендиалдык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу ачылды
Борбор Азиядагы Америкалык Университетинин Жаңы муун академиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген орто мектептердин 25 бүтүрүүчүсүн толук стипендия менен камсыздайт.
9
Feb
2023
 
Айдана Эрматова: "БААУдагы күндөрүмдү эстеп, ал убакка кайра кайткым келет
Айдана Эрматова 2021-жылы БААУну эки адистик боюнча — «Экологияны башкаруу жана туруктуу өнүгүү» жана «Экономика» бөлүмдөрүн аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин, Айдана Erasmus Mundus биргелешкен программасында стипендияга тапшырып, азыр Бонн университетинде магистратурада окуп жатат.
27
Jan
2023
 
Элдос Аталов: «БААУдагы студенттик жылдар мен үчүн жеке жана академиялык өсүү мезгили болду»
Элдос Аталов 2022-жылы Программалык инженерия бөлүмүн бүтүргөн. Учурда ал “Reddit Inc” компаниясында аутстаффинг аркылуу программист-консультант катары иштейт, негизги милдеттери — монетизация бөлүмү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу, долбоорлоо жана текшерүү. Элдос негизинен программалык инженер катары көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, тажрыйба топтоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө көңүл бурат.
25
Jan
2023
 
Асель Таалайбек кызы '22: «БААУ мени оң мааниде таптакыр башка адам кылды»
Асель Таалайбек кызы 2022-жылы Эл аралык жана бизнес укугу бөлүмүн аяктаган. Азыркы учурда ал Америка Кошмо Штаттарындагы Борбордук Мичиган университетинде магистратурада «Бизнести башкаруу жана менеджмент» боюнча билим алып жатат.
24
Jan
2023
 
Асель Осмонгазиева: «БААУ билим алуу үчүн башка эч бир жерге окшобогон шарт түзөт»
Асель Осмонгазиева 2021-жылы БААУнун Журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган. Окууну бүтүргөндөн кийин Асель дароо иш тажрыйбасын топтоону чечип, учурда кургак учукка каршы ар кандай иш-чаралар аркылуу күрөшүүчү коммерциялык эмес уюмда иштеп жатат.
20
Jan
2023
 
Шахруддин Иминов: «БААУдагы убактым абдан жарык, кызыктуу жана унутулгус болду»
Шахрудин Иминов 2021-жылы «Эл аралык жана бизнес укугу» адистигин аяктаган. Азыр ал Италиядагы Римдеги Ла Сапиенца университетинде магистратурада окуп, БААУда Студенттик турмуш боюнча адис болуп иштейт. Бул маекте Шахрудин студенттерге студенттик жашоонун канчалык маанилүү экенин айтып берет.
18
Jan
2023
 
Азиза Каныметова: «БААУ мага калыптанган чектен чыгып ойлонгонду үйрөттү»
Азиза Каныметова 2020-жылы БААУнун Журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган. Окууну бүтүргөндөн кийин Азиза ЮНИСЕФте байланыштар боюнча адис катары стажировка баштаган. Стажировканы ийгиликтүү бүткөн соң, Азизага ЮНИСЕФте дизайн жана социалдык медиа боюнча консультант болуп иштөө сунушталган. Кийинчерээк Азизага Венада жайгашкан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Коммуникация бөлүмүндө стажировка өтүү сунушталып, ал аны кабыл алган. Япония өкмөтүнөн MEXT стипендиясын жеңип алгандыктан, учурда Токиодогу эң мыкты жеке университеттердин бири — Васэда университетинде изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Бул маекте Азиза өз тажрыйбасы жана карьералык жолу тууралуу айтып берет.
16
Jan
2023
 
Айдана Бекбоева: «Мен БААУну сүйөм жана студенттик жылдарымды дайыма жылуу сезим жана чоң жылмаюу менен эстейм»
Айдана Бекбоева 2022-жылы БААУнун Колдонмо математика жана информатика бөлүмүн бакалавр даражасы менен аяктаган. 2018-жылы Айдана Brain Ring интеллектуалдык турниринде биринчи орунду утуп, БААУда толук стипендия менен окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Учурда Айдана Нью-Йорктогу Стивенс технология институтунда финансылык аналитика боюнча магистратура программасын өтүп жатат.
16
Jan
2023
 
Игорь Ли: «БААУдагы студенттик жылдарымдан алган таасирлерим жылуу жана позитивдүү гана болду»
Игорь Ли 2021-жылы БААУнун Экономика бөлүмүн аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин Борбордук Европа университетине магистратурага өтүп, андан соң Citibank банкында финансылык аналитик болуп иштей баштаган. Бул маекте Игорь дүйнөдөгү алдыңкы 15 банктын биринде иштөөгө болгон жолун айтып берет.
13
Jan
2023
 
Фарзана Абдилашимова: «БААУ бүгүнкү күндөгү менин калыптанышымда чечүүчү роль ойноду»
Фарзана Абдилашимова 2019-жылы БААУнун Социология бөлүмүн аяктаган. Окууну бүтүргөндөн кийин, академиялык жолун улантып, Борбордук Европа университетинде магистратурага тапшырып, учурда БУУнун аялдар үчүн программасынын Кыргызстандагы "Spotlight Initiative" программасында долбоор боюнча адис болуп иштейт. Бул маекте Фарзана БААУдагы эң жакшы учурларын жана карьера жолундагы тажрыйбасын бөлүшөт.


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028