ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ жаңылыктары

Results: 4454

1
Nov
2023
 
“Жогорку класстар үчүн БААУнун математикалык Олимпиадаларынын маселелер жыйнагы” эми баарына жеткиликтүү
Интернет айдыңында “Жогорку класстар үчүн БААУнун математикалык Олимпиадаларынын маселелер жыйнагы” интерактивдүү электрондук китеби пайда болду.
13
Oct
2023
 
БААУда илимий-практикалык конференция өтөт
20-октябрда БААУда "Кыргыз Республикасынын 2050-жылга чейин көмүртектик нейтралдуулукка жетишүүсүнүн перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү" илимий-практикалык конференциясыөтөт.
9
Oct
2023
 
БААУнун кабыл алуу сынактарына каттоо ачылды
Абитуриенттер үчүн маанилүү маалымат! Биз жазгы семестрдин кабыл алуу сынактарына каттоону ачтык!
5
Oct
2023
 
Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк билим берүү күнү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!
Сиздерди кесипкөйлүк майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
25
Sep
2023
 
Айтылуу Найджел Шортту жеңген БААУнун профессору
Назарыңыздарга ЭлТР телеканалынын БААУнун "Колдонмо математика жана информатика" факультетинин профессору, физика-математика илимдеринин доктору Таалайбек Иманалиев жөнүндө сюжетин тартуулайбыз.
28
Jul
2023
 
“Кино, телевидение жана медиаискусстволор” факультети
“Кино, телевидение жана медиаискусстволор” факультетинин студенттери окутуу учурунда сахна чеберчилиги, оператордук иш, монтаж, режиссура жана фото жана видеого тартуунун техникалык жоболорунун теоретикалык жана практикалык ыкмаларын алышат.
31
May
2023
 
БААУнун Жаңы муун академиясына окууга тапшыр!
Мектепти аяктап жатасыңбы? БААУга окууга тапшыруу сенин кыялыңбы? Болочок кесибиңди тандай элексиңби? Тыныгуу алгың келет бирок ошол эле учурда пайдалуу Gap Year өткөргүң келеби?
4
May
2023
 
“Эл аралык жана салыштырма саясат” факультети
“Эл аралык жана салыштырма саясат” программасы саясат жана саясий окуяларга жергиликтүү, аймактык жана ааламдык деңгээлде саресеп салууга жөндөмдүү жана өз өлкөсүндөгү позитивдүү өзгөрүүлөргө көмөк көрсөтүүнү каалаган адистерди даярдоого багытталган. Бул Саясат таануу, Эл аралык мамилелелер жана Салыштырма саясат боюнча күчтүү заманбап программа.
13
Mar
2023
 
Мира Жакшылыкова: "БААУда өнүгүү, сынчыл ой жүгүртүү жана байланыш түзүү үчүн сонун шарттар бар."
Мира Жакшылыкова 2021-жылы БААУну «Экологияны башкаруу жана туруктуу өнүгүү» жана «Эл аралык жана салыштырмалуу саясат» адистиктери боюнча аяктаган. Окуусун бүтүргөндөн кийин ал «Суу кызматташтыгы жана дипломатиясы» боюнча биргелешкен магистратура программасында окуусун уланткан.
7
Mar
2023
 
Аслан Алпаров: "БААУдагы биримдик жана колдоо сезиминен ырахат алдым. Бул мага академиялык жана жеке жактан өнүгүүгө шарт түздү."
Аслан Алпаров — БААУнун 2021-жылдагы бүтүрүүчүсү, ал «Колдонмо геология» адистигин аяктаган. Азыр ал Канаданын Саскачеван университетинде Геология илими боюнча магистратура программасында окуп жатат жана ошол эле учурда “SSR Mining” компаниясында талаа геологу болуп иштейт.


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028