ֱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ жаңылыктары

Results: 4294

24
Dec
2015
 
Жаңы 2016-жыл менен!
Урматтуу БААУ студенттери, бүтүрүүчүлөрү, окутуучулары жана кызматкерлери!Сиздерди келе жаткан Жаңы 2016-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Жаңы жыл сак-саламаттык, кубаныч, эсенчилик менен келишин тилеймин.
6
Nov
2015
 
БААУнин жаңы кампусунун салтанаттуу ачылыш аземи
2015-жылдын 31-октябрында Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) Бишкектеги жаңы кампусунун салтанаттуу ачылыш аземин өткөрдү.
6
Oct
2015
 
Эл аралык конференция тууралуу маалымат кат
Эл аралык конференция тууралуу маалымат кат "Борбордук Азиядагы 1916-жылкы көтөрүлүштү кайрадан иликтөө".Күнү: 20-21-май, 2016-жыл.2016-жылы Борбордук Азияда болуп өткөн 1916-жылкы көтөрүлүшкө 100 жыл толот. Бул чөлкөмдүн тарыхында падышалык Орусиянын колониялык бийлигине каршы чыккан эӊ кайгылуу жана мыкаачылык менен басылган 1916-жылкы көтөрүлүш бүгүнкү күнгө чейин толук изилденип бүтө элек.
21
Jul
2015
 
Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин жаңы кампусунун салтанаттуу ачылыш аземи
Борбордук Азиядагы Америка университети 2015-жылдын 31-октябрында жаңы кампустун салтанаттуу ачылыш аземине чакырат. Чөлкөмдүн алдыңкы жана туруктуу университеттик кампустун курулуп бүтүшүн биз менен чогуу майрамдаганга келиңиз!
13
Jul
2015
 
Чет элдик эмес, Борбордук Азиялык
Нил өзү Нью-Йорк штатынын Нью-Рошелл шаарынан болот, университетте 4-курста, негизги адистиги боюнча Эл аралык мамилелерди, Россия жана мурдагы Советтер Биримдигине өзгөчө көңүл бөлүп билим алат. Борбордук Азия саясатын, орус жана өзбек тилдерин үйрөнүү үчүн берилген стипендия боюнча Кыргызстанга келгенине бир жылдай болуп калды.
7
Jul
2015
 
БААУ “Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасынын биринчи бүтүрүүчүсү
Али Реза Йаса, БААУ Борбордук Азияны изилдөө институтуна караштуу “Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасынын биринчи бүтүрүүчүсү. Мекени Афганистан, Социология адистиги боюнча бакалавр даражасын Афганистандагы Америка университетинде жана Катеб университетинде алган. Ийгиликке жетүүнүн жолу канчалык кыйын болгондугу тууралуу маек кылдык.
6
Jul
2015
 
Талгат Субаналиев Антарктикага фото-саякат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду
Журналистика жана массалык коммуникациялар факультетинин үчүнчү курстагы студенти Талгат Субаналиев фото-сынактын жеңүүчүсү катары тандалды. Талгатка сыйлык катары Антарктикага фото-саякат кылуу мүмкүнчүлүгү берилди. Бул саякатка Борбордук Азиядагы Америка университетинин эски досу жана колдоочусу доктор Херш Чада демөөрчүлүк кылат.
23
Apr
2015
 
Борбор Азиядагы Америкалык университет «Манас мураскерлери» аттуу жайкы лагерине чакырат
Биринчи жолу!Борбор Азиядагы Америкалык университет«Манас мураскерлери» аттуу жайкы лагерине чакырат.Максаттуу топ: баштоочулар же кыргыз тилин базалык деңгээлде билген 11-13 жаштагы балдар.
17
Apr
2015
 
Фотодолбоор: Ата теги ар улуттан болгон адамдар
Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттеринин журналистика кафедрасы менен биргеликте өткөргөн ата теги ар улуттан болгон адамдар тууралуу «Планета Паприка» аталышындагы фотодолбоору аякташты. Kloop.kgнин редакциясы алардын ишинин жыйынтыктарын жарыялайт.
11
Feb
2015
 
Бул жылы да Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Ош Гуманитардык-Педагогикалык институтуна жалпы болуп 7 мин китеп тапшырылды.
Орто Азиядагы Америка университети Кыргызстандын туштугундогу билим сапатына озгочо конул буруп келет


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028