ֱ

Меморандум

Меморандум

12&Բ;марта&Բ;2013

2013-жылдын 11-мартында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университети жана Борбордук Азиядагы Америкалык Университет өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул келишим Кыргыз Республикасында жана жалпысынан Борбордук Азияда айыл-чарбалык тармакта илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн коридор түзүү максатында түзүлдү.

 

КУАУ Ректору  Рысбек Зарылдыкович Нургазиев жана БААУ Президенти Эндрю Вахтель болочок кызматташууну талкуулоо үчүн жолугушушту, Рысбек Зарылдыкович БААУнун кампусу менен таанышты. Эки ЖОЖдун жетекчилери тең кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти жана бул университеттер өздөрүн миссияларын аткарууда бир-бирин толуктарын жана Борбордук Азия элдери үчүн пайдалуу иш аткарарын белгилеп кетишти.

 

Президент Вахтелдин ою боюнча, БААУ айыл-чарба тармагына көңүл бурушу менен кыргыз экономикасына өз салымын кошот. БААУ фермерлерди окутууну көздөгөн жок, бул багыт боюнча КУАУ сыяктуу адистешкен институттар иштеш керек. Бирок БААУ биргелешкен изилдөөлөрдү, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу, кеңейтилген программаларды өнүктүрүү долбоорлорун жана БААУнун Экологияны башкаруу жана Туруктуу өнүгүү сыяктуу факультеттеринин студенттерин алмашууу программаларын колдойт.

Кызматташтыктын кийинки кадамы болуп, апрель айындагы КУАУда жолугушуу саналат, мында эки жетекчи тең дагы бир жолу кызматташуунун перспективаларын жана 2013-жылдын күз мезгилине иш планын киргизүүнү талкуулашат.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028