ֱ

Кыргызстанда Women in Tech`тин расмий ачылышы

Кыргызстанда Women in Tech`тин расмий ачылышы

4&Բ;февраля&Բ;2025

2025-жылдын 2-февралында Борбордук Азиядагы Америка университетинде маанилүү окуя болуп өттү — Women in Tech`тин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы. Бул “Кыз-келиндер лидерлигине жана Кыргызстанда технологиялардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү” темасына арналган иш-чара таасирлүү лидерлерди, новаторлорду жана гендердик теңчиликти жайылтуу жана технологиялык сектордо кыз-келиндердин укуктары менен мүмкүнчулуктөрүн кеңейтүүгө багытталган өзгөрүүлөргө салым кошкондордун баарын чогултту.

Саамалыктын башында конокторду Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министри Бакыт Толомушевич Сыдыков жылуу тосуп алды. Өз сөзүндө ал “25 – 30” планы өзүнө кыз-келиндер ишкерлигинин бардык аспектилеринин үстүндө иштөөнү кошорун, ал эми аялдар ишкерлиги тууралуу мыйзамга президент тарабынан кол коюлгандыгын баса белгиледи.

Women in Tech World`дун түптөөчүсү Аюми Мур Аоки технология тармагында гендердик ажырымды жокко чыгаруу жана дүйнө жүзү боюнча бардык аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга багытталган аталган демилгенин глобалдык миссиясын белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө тематикалык сессиялар технологиялар тармагындагы лидер болгон кыз-келиндердин укмуштуудай жетишкендиктерин көрсөтүп, IT жана ишкерликте тоскоолдуктарды басып өтүүгө жардамдашты. Талкууларда басым санарип экономикада өсүп жаткан аялдардын ролу, катышуучуларды шыктандырган жана дем берген ийгилик баяндарына жасалды.

Иш-чара жогорку маанайда жыйынтыкталып, анын өткөрүлүүсү Кыргызстандагы инклюзивдүү жана ар тараптуу технологиялык тажрыйба менен камсыздоо боюнча келечектеги демилгелерге негиз болду. Анын катышуучулары жетишилген прогрессти белгилешти. Жандуу атмосфера жана катышуучулардын жалпы биримдиги позитивдүү өзгөрүүлөргө карай коомчулуктун кубаты жана кызматташтыгынан кабар берет.

Women in Tech Kyrgyzstan жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алар кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Мындай колдоолор алардын технологиялык сектордо ийгиликтүү болуп, өлкөнүн санариптик келечегине салым кошуусун камсыздайт.















<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028