ֱ

БААУ туруктуу бекем өнүгүүсү үчүн STARS коло байгесин алган Борбордук Азиядагы биринчи жогорку окуу жай болду

БААУ туруктуу бекем өнүгүүсү үчүн STARS коло байгесин алган Борбордук Азиядагы биринчи жогорку окуу жай болду

4&Բ;февраля&Բ;2025

Жарандык активдүүлүк борборунун туруктуу бекем өнүгүү программасы БААУ жогорку билим берүүдө туруктуулукту жайылтуу боюнча Ассоциациянын (AASHE) STARS рейтингинин коло байгесин алганын кубануу менен маалымдайт. БААУ мындай сыйлыкка арзыган Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы алгачкы университетке айланды!

STARS (Sustainability Tracking, Assessment & Rating System) – бул жогорку билим берүүдөгү туруктуулуктун көрсөткүчтөрүн баалоонун Эл аралык деңгээлде таанылган системасы. Коло рейтинги БААУнун төмөнкү беш маанилүү тармакта туруктуу бекем өнүгүү принциптерин кармануусун тастыктап турат: академиялык даярдык, өз-ара аракеттенишүү, операциялык ишмердүүлүк, пландоо жана администрациялоо, ошондой эле инновациялар жана лидерлик. Бул жетишкендик университеттин туруктуу бекем келечекке салымын белгилеп, стратегиялык жактан өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Биз бул ийгиликке салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө ыраазычылык – баа жеткис талыкпас эмгеги үчүн туруктуу бекем өнүктүрүү боюнча мурунку координатор Мира Джакшылыковага. Ага Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH уюмунда климаттын өзгөрүшү боюнча кенже адиси жаңы кызматында ийгиликтерди каалайбыз.

Эми БААУнун туруктуу бекем өнүктүрүү боюнча андан-ары жаңы курсун жаңы координатор Толгонай Элеманова улантат. Ал Борбордук Азиядагы экологиялык жана туруктуу бекем өнүктүрүү долбоорлорунда жана ошондой эле Эл аралык уюмдар менен кызматташуу жаатында тажрыйбага ээ.

БААУнун коомчулугун мындай жаңы жетишкендиги менен куттуктайбыз жана мындан да туруктуу бекем келечекке карай кыймылдоону улантмакчыбыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028