3&Բ;февраля&Բ;2025
Борбордук Азиядагы Америка университети абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин 8-февралда өтчү Ачык эшиктер күнүнө чакырат. Башталышы 12:00дө. Бул университет менен таанышуу, окууга тапшыруу тууралуу билүү жана студенттик атмосфераны сезип көрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Сиздерди эмнелер күтөт?
Маалыматтык сессиялар учурунда иш-чаранын коноктору бакалавриат жана магистратура программалары, билим алууга арзандатууларды алуу мүмкүнчүлүктөрү, Эл аралык студенттердин алмашуу программалары жана чет өлкөлөрдө билим алуу жөнүндө биле алышат. Албетте кабыл алуу сынактары, окууга тапшырунун шарттары жана зарыл болгон документтер тууралуу да маалыматтар берилет.
Кантип катышууга болот?
Датасы: 8-февраль
Убактысы: 12:00
Өтүүчү жайы: Борбордук Азиядагы Америкалык университети
Каттоодон өтүү милдеттүү:
Өткөрүп жибербеңиз! Сиздерди БААУдан күтөбүз: Аалы Токомбаев көчөсү 7/6