ֱ

БААУнун дүйнөнүн университеттери менен өнөктөштүк программалары

БААУнун дүйнөнүн университеттери менен өнөктөштүк программалары

14&Բ;января&Բ;2025


БААУ – окууну аяктагандан кийин өз студенттерине эки диплом сунуштаган Борбордук Азиядагы алгачкы университет:
– Бард колледж менен биргеликте гуманитардык илимдердин программалары боюнча АКШда аккредитацияланган диплом
– КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген Кыргызстанда аккредитацияланган диплом.
Бард колледж – АКШнын Нью-Йорк штатынын Аннандейл-на-Гудзон шаарында жайгашкан гуманитардык илимдер боюнча алдыңкы жана инновациялык университет. 150 жыл бою Бард академиялык чектерден чыккан билим берип, илимдердин тереңдигин жана кеңдигин тартуулап келет. Бул өз кезегинде студенттердин сын көз-карашта ой жүгүртүүсүн жана өнүгүүсүн камсыздап келет.
2009-жылы Бард жана БААУ өнөктөштүк программа түзүп, анын алкагында 2011-жылдан тарта бакалавриаттын студенттери Бард колледж аккредитациялаган дипломдорго ээ болуп келишет.
БААУ менен Бард колледждин кызматташуусу БААУнун окутуу жана окуу пландарында гуманитардык илимдердин компоненттерин жакшыртууга, биргелешкен изилдөөчүлүк долбоорлорду иштеп чыгууга, эки жогорку окуу жайдын студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери үчүн билим берүүчү алмашуу программаларын сунуштоого багытталган.
Мындан тышкары БААУ өз студенттерине Нью-Йорктон Берлинге, Сеулдан Санкт-Петербургга чейин дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө 70тен ашуун алмашуу программаларын сунуштайт. Бул БААУнун студенттери үчүн чет өлкөдө билим алуу, дүйнөнү иликтөө жана таануу үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Студенттер алмашуу программаларына өтүнмө берип кайрыла алышат, ошондой эле ар кандай гранттар түрүндө колдоолорду алышат. Алар студенттердин жол акысы жана жашоосун же ай сайын төлөнүүчү пособияларын камсыздап берет.
2020-жылы БААУ Ачык коом университеттеринин глобалдык түйүнүнүн (OSUN) мүчөсү болду. Аталган түйүн дүйнөнүн 17 өлкөсүндөгү 24 өнөктөш-университеттерден жана 7 өлкөсүндөгү 15 илимий-изилдөөчүлүк жана билим берүү мекемелеринен турат. 2020-жылдан тарта биздин студенттер OSUN өнөктөштүк түйүнүнүн алкагында БААУнун курстарынан тышкары төмөнкү университеттердин профессорлорунун курстарына да каттала алышат: Бард колледж (АКШ), Борбордук-Европалык университет (Австрия), Принстон университети (АКШ), БРАЧ университети (Бангладеш), Барддын Берлин колледжи (Германия) жана башкалар.
OSUN жана Bard College менен өнөктөштүктүн алкагында жаралып жаткан мүмкүнчүлүктөр – БААУнун студенттери үчүн географиялык тоскоолдуктарга карабастан, Эл аралык тажрыйба, илим жана ыкмаларды топтоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028