ֱ

Кыргызпатенттин өкүлдөрү БААУда

Кыргызпатенттин өкүлдөрү БААУда

23&Բ;октября&Բ;2024

Кыргызпатенттин өкүлдөрү БААУда

2024-жылдын 18-октябрында БААУнун китепканасынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттигинин (Кыргызпатент) өкүлдөрү БААУ студенттери үчүн тренинг өткөрүштү. Тренинг интеллектуалдык менчиктин жана автордук укуктун негиздерин түшүндүрүүгө жана бул жаатта студенттердин маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Тренерлер Динара Баякунова жана Шамиль Айильчиев патенттер жана автордук укуктар тууралуу кеңири маалымат берип, алардын маанисин жана колдонуу принциптерин түшүндүрүп, студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришти.

Кыргызпатенттин өкүлдөрү БААУнун окуу иштери боюнча вице-президенти Чынара Рыскулова менен студенттер жана окутуучулар үчүн бир катар тренингдерди өткөрүү боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле Мейкерспейс окуу жана долбоорлоо борборунун жаны технологиялары жана проекттери менен таанышышты.




<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028