ֱ

Арслан Алымбеков, ЖРТ-2024түн Алтын Сертификатынын Ээси

Арслан Алымбеков, ЖРТ-2024түн Алтын Сертификатынын Ээси

9&Բ;сентября&Բ;2024

Арслан Алымбеков, №62 ОТК мектеп гимназиясынын окуучусу жана ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси, быйыл БААУга окууга тапшырган. Бизге курган маегинде ал БААУга тапшыруу балалык кыялы, Багыт алуу апталыгы тууралуу айтып, университеттик жашоодон эмнелерди күтүп жатканы менен ой бөлүштү.

– Алгач өзүңүздү тааныштырып, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

Саламатсыздарбы? Менин аты-жөнүм - Арслан Алымбеков, 18 жаштамын. Быйыл №62 мектеп гимназиясын аяктап, ЖРТдан 227 балл чогулттум. Бишкекте төрөлүп-өскөм. Шахмат менен алектенгем, бул жатта эң чоң жетишкендигим - бул 2021-жылы 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионатында коло байгеге ээ болгом. Шахматтан тышкары футболго кызыгам жана комикстерди окууну жактырам.

– Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?

Бала кезимден эле БААУда окууну самачумун. Мага академиялык чынчылдык, көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жана абройдон тышкары ЖОЖдун ичики атмосферасы жакчу. Ошондой эле буга жеке себеп да бар - менин эки бир тууганым Адиль Алымбеков да БААУну аяктаган. Ал мага ар дайым үлгү болуп келет. Ал университет жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көп нерселерди айтып берген. Анын тажрыйбасы мени шыктандырган жана бүгүнкү күндө да БААУда ийгиликке жетүү үчүн шыктандырып келет.

– Сиздин тандооңузга Алтын сертификат кандай таасир этти?

Менин үй-бүлөмдүн аябай чектелүү каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн улам мен БААУда 100% арзандатуу менен гана окуй алмакмын. Ушуга байланыштуу мен 11-классымда ушундай арзандатууга ээ болуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн тизмесин түзүп чыккам. Мына ошондой мүмкүнчүлүктөрдүн бири ЖРТнын Алтын сертификаты болчу. Ага жетүү үчүн жарым жыл күчөтүлгөн тартипте даярдандым. ЖРТга даярдоо жана SECOM курстарын окудум.

– Багыт алуу программасы кандай өттү жана БААУ тууралуу жаңы кандай маалыматтарды алдыңыз?

Багыт алуу программасы мен үчүн бай жана жаркын тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү болду: кабинеттердин орун алуусунан баштап FYS`ке даярданууда окуу процессинин майда-чүйдөлөрүнө чейин. Мен багыт алуу программасы боюнча профессорум Айжамал Сарыбаевага кызыктуу сабактары үчүн жана БААУдагы абалга көнүүгө көмөктөшкөн Maroon командасынын ыктыярчыларына ыраазычылык билдиргим келет.

– “Колдонмо математика жана информатика” факультетин тандооңуздун себеби?

Факультетти тандоо мен үчүн маселе жаратты. Анткени мен бала кезимден бардык предметтерди иликтеп, баарында ийгиликке жетишүүгө аракеттенчүмүн. Ошол эле учурда менин жөндөмдөрүм гуманитардык илимдерге караганда математикага ылайык келерин түшүнчүмүн. Мына ошондуктан мен эң универсалдуу жана фундаменталдык багытты тандадым.

– БААУда 4 жылдык билим алуудан эмнелерди күтөсүз?

Алдыдагы 4 жылда өз кесибимди өздөштүрүп, болушунча көп билим алууну, санаалаштарды табууна жана жаркын жана пайдалуу студенттик күндөрдү баштан өткөрүүнү каалайм.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028