ֱ

“Борбордук Азиялык ЖОЖдордун ректорлорунун клубунун” жолугушуусу

“Борбордук Азиялык ЖОЖдордун ректорлорунун клубунун” жолугушуусу

6&Բ;сентября&Բ;2024

Борбордук Азиядагы Америкалык университети Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларынын бардык лидерлерин “Борбордук Азиялык ЖОЖдордун ректорлорунун клубунун” кезектеги “Өзгөрүүлөргө карай жол: заманбап академиялык чөйрөдөгү лидерликтин көйгөйлөрү” аталышындагы отурумуна чакырат. Саамалык Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде 2024-жылдын 28-сентябрында өтөт. Убактысы 9:00 - 18:00. Дареги: Бишкек, Кыргыз Республикасы, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6.

“Борбордук Азиялык ЖОЖдордун ректорлорунун клубу” Казакстандын “Алматы менеджмент университет” окуу жайы тарабынан демилгеленген. Аталган клубдун ишмердүүлүгү академиялык лидерлердин ортосундагы Борбордук Азиядагы жогорку билим берүүнүн өнүгүп жаткан ландшафты жөнүндө бай диалогун өнүктүрүү, институционалдык өзгөрүүлөрүнүн кыйынчылыктары жана аймактын окуу жайларынын өз ара биргелешкен ийгилик стратегияларына багытталган. Ошондой эле анын күн тартибиндеги Борбордук Азиянын илим жана билим берүү тармагындагы туруктуу бекем өнүгүүнү ишке ашырууга да көмөктөшөт.

Иш-чара жеке катышууну талап кылат жана орус тилинде өткөрүлөт. Сиздин окуу жайыңыздын өкүлдөрүнүн толук аты-жөндөрүн, кызматтарын жана байланыштарын Үмүт Кыдыргычовага kydyrgychova_u@auca.kg электрондук дарегине 2024-жылдын 18-сентябрына чейин жазып коюуңуздарды өтүнөбүз.

Биз Борбордук Азиянын ЖОЖдорунун лидерлеринин баа жеткис идеялары менен тажрыйбалары биздин талкууларды бир кыйла жогорулатат, учурдагы кызматташуунун баалуулугун арттырат жана Борбордук Азиянын университеттерине аймакта жогорку билим берүүнү өнүктүрүүдө пайда алып келе турган жаңы идеялар менен ойлорду чакырат деп ишенебиз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028