ֱ

БААУнун Мейкерспейси – билим алуу жана чыгармачылык үчүн жаңы мейкиндик

БААУнун Мейкерспейси – билим алуу жана чыгармачылык үчүн жаңы мейкиндик

23&Բ;августа&Բ;2024

БААУда июнда жаңы инновациялык мейкиндик ачылды – Learning and Design Center. Бул уникалдуу чыгармачыл аймак болуп, анда каалоочулардын баары өз идеяларын ишке ашыруу менен жаңы билим жана ыкмаларга ээ болот.

Дүйнөдөгү эң бир чоң баалуулуктардын бири – бул билим жана муну Борбордук Азиядагы Америка университетинде жакшы түшүнүшөт. Көптөгөн жылдар бою БААУда Кошумча билим берүү борбору өз ишин алып барган. Бул жакка студенттер тил үйрөнүү, ЖОЖдорго окууга тапшыруу үчүн даярдануу, жаңы IT адистиктерин өздөштүрүү, бизнес-тренингдерге катышуу үчүн барышкан. Бирок тез өзгөрүп жаткан ааламда окутуу процессинин өзү ар дайым трансформация жана модификацияланып, эң жогорку талаптарга жооп бериши керек. Эң башкысы билим берүү процесстери жарандык коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп, илимий долбоорлорду ишке ашырууга жана жогорку технологиялык экономиканын жаралышына жардам берүүсү керек. Мына дал ушул максатта БААУда Мейкерспейс ачылып, анын мүмкүнчүлүктөрү жогоруда аталган жана башка маселелерди чечүүгө шарт түзөт.

Мейкерспейсте узак убакыт бою Кошумча билим берүү борборунда иштелип чыккан мыкты тажрыйбалардын баары сакталат. Тил курстарында англис, кыргыз, корей, испан, француз жана орус тилдерин иликтөөгө болот.

TOEFL IBT, TOEFL PBT, IELTS, SAT, Duolingo сынактарын тапшыруу үчүн курстар бар жана ошондой эле TOEFL сынап көрүү сынагын жана IELTS боюнча тестирлөөсүн тапшырууга болот. Мындан тышкары Жалпы республикалык тестирлөөнүн математкиалык бөлүгүнө жана БААУга окууга тапшырууга (ELPT, ESSAY WRITING, MATH) даярданууга мүмкүн.

IT курстардын төмөнкү багыттары бар: Cisco CCNA, Python, Java script, C#, C+, Data science.

Балдардын өстүрүү академиясында 7-12 жаш курактагы балдар өзүлөрүнүн тил табышуу ыкмаларын жакшыртып, ар кандай тармактарда жаңы билимдерди ала алышат.

Бизнес-тренингдер кесипкөйлүк квалификацияны, тил табышуу жана убакыт менен ресурстарды башкаруу ыкмаларын жогорулатуучу hard-skills жана soft-skills ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган.

Укмуштуудай жаңы блок – бул инженердик курстар:

  • Мейкерспейс менен таанышуу
  • 3D басып чыгаруу лабораториясы: идеядан ишке ашырууга чейин
  • Лазердик чеберчилик: техника жана чыгармачылык
  • Ардуино: DIY электроника искусствосу
  • Сандык программалык башкаруу технологиясы: фрезердик станокту өздөштүрүү
  • Винил кескичти колдонуу чеберчилиги: тактык жана чыгармачылык
  • Кесипкөйлүк ширетүү
  • Индивидуалдык стиль: дизайндын жана кийимге басуунун негиздери

Бардык инженердик курстар үч форматта берилген: воркшоп, 2-3 аптага созулган кыска мөөнөттүү курстар жана 2-3 айга созулган узак мөөнөттүү курстар. Угуучулардын ар бири өз каалоосуна жана зарылчылыгына жараша курстардын узактыгын тандай алат. Курстарга мүмкүндүк алуу үчүн эң оболу Мейкерспейс клубунун мүчөсү болуу кажет.

Толук маалымат алуу үчүн БААУнун Мейкерспейсине кайрылыңыздар: Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 7/8.

Сурап-билүү телефону: +996 312 91 50 22, + 996 502 915 022, +996 550 915 022.

cec@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028