ֱ

“Бизнести башкаруу” (МВА) магистратурасы

“Бизнести башкаруу” (МВА) магистратурасы

16&Բ;августа&Բ;2024

БААУнун МВА магистратурасы карьералык өсүп-өнүгүү жана бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон башкаруучулук ыкмалардын кенен спектрин алууну каалаган адистер менен менеджерлерге багытталган. Кечки мектеп жумуш менен окууну айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Окутуу программасы интенсивдүү жана инновациялык болуп, өзүнө бизнес билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды кошуу үчүн тынымсыз жаңыланып турат. Теориялык жана практикалык интерактивдүү курстардын ортосунда баланс сакталат: лекциялар, семинар-дискуссиялар, топтук долбоорлор, конок лекциялары, стратегиялык ишкерлик оюндар, кейстер.

Программа тууралуу бардык маалымат сайтта: https://seba.auca.kg/.

Электрондук дарек: mba@auca.kg.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028