ֱ

“Колдонмо психология” магистратурасы

“Колдонмо психология” магистратурасы

14&Բ;августа&Բ;2024


“Колдонмо психология” магистрдик программасы психологиянын эң бир актуалдуу тармактарында кесипкөйлүк билимдер менен ыкмаларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Программа психология тармагында өзүнүн академиялык жана иштөө квалификациясын жогорулатууну каалаган ар кандай иш тажрыйбасына ээ студенттер үчүн ачык. Программанын окуу планы колдонмо кесипкөйлүк ыкмаларды илимий негизделген жактан даярдоого багытталып, бул тармакта изилдөөлөр, теория жана практика жаатында заманбап көйгөйлөрдү талкууга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Программа студенттер үчүн психология же ага жакын тармактарда доктордук даража алууга идеалдуу платформа болуп берет.
Программа үч багыттан турат: психикалык ден-соолук маселелери боюнча кеп-кеңеш берүү, уюштуруучулук психология жана кесиптик багыт алуу жана психология тармагындагы изилдөөлөр. Ар бир концентрация студенттерге зарыл болгон теориялык жана практикалык билимдерди жана болчок карьералык жолунда багыт берүү үчүн атайын иштелип чыккан.
Программа тууралуу видеодо анын жетекчиси, доцент Елена Костерина баяндап берет.
Программа жөнүндө бардык маалыматтар сайтта: https://auca.kg/en/psyc_dept_home/.
Электрондук почта: psyc@auca.kg.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028