ֱ

“Экономика” магистратурасы

“Экономика” магистратурасы

13&Բ;августа&Բ;2024


2016-жылы БААУ Норвегиялык табигый илимдер университети (NMBU) менен кызматташтыкта экономика боюнча 2 жылдык магистрдик программаны ишке киргизген. Программа билим берүүнүн эң жогорку Эл аралык стандарттарынын жана мыкты америкалык жана европалык экономикалык факультеттердин магистрдик программалырынын талаптарына жооп берет.
Магистратура экономикалык теория жана анын тиркемелеринде өз билимдерин жакшыртууну каалаган студенттер үчүн багытталган. Ал экономикалык теорияны изилдөөгө тереңдетилген жол тутууну камсыздайт. Ошондой эле окутуу программаларын студенттердин кесиптик максаттарына ыңгайлаштырып, факультетте бир катар иш-чараларды уюштуруу үчүн жетишерлик даражада ийкемдүүлүктү сунуштайт.
БААУ студенттери Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) микромагисратурасынын онлайн программасын өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Борбордук Азиядагы алгачкы окуу жай болуп калды. А эгер калоо күч болсо, анда аталган чет элдик ЖОЖдо магистрдик даражасын алуу мүмкүнчүлүгү да жаралат. Массачусетс технологиялык институту студенттерди микромагистратуранын бир катар программалары (MITx MicroMasters) менен онлайн окутат.
“Экономика” программасынын бүтүрүүчүсү, учурда БААУнун окутуучусу Ильяс Суванов программанын уникалдуулугу жана артыкчылыктары жөнүндө айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Программа тууралуу толук маалымат сайтта: http://economics.auca.kg/?page_id=42.
Электрондук почта: assist_econ@auca.kg.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028