ֱ

“Программалык инженерия”

“Программалык инженерия”

26&Բ;июля&Բ;2024

БААУнун “Программалык инженерия” бакалавриат программасы программалык камсыздоону иштеп чыгуу, пайдалануу жана коштоо үчүн системалаштырылган жол тутууну колдоно алган, программалык камсыздоону жаратуу жана долбоорлоо процессинде инженердик принциптерди пайдалана турган адистерди даярдайт.

Факультеттин окутуу планы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде америкалык университеттердин билим берүү системаларын эске алуу менен иштелип чыккан. Математикалык жана табигый-илимий сабактарды иликтөө студенттерге компьютердик илимдердин негизин түшүнүү, программалык инженерия тармагындагы сабактарды иликтөөнү ийгиликтүү өздөштүрүүгө өбөлгө түзүп, аппараттык, түйүндүк жана программалык каражаттарды долбоорлоо жана иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон илимдерди берет. Software Engineering боюнча базалык курстар программалык камсыздоону жаратуу боюнча теоретикалык негиздерди иликтеп, практикалык ыкмаларды алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Адистик боюнча элективдик курстар студенттерге операциялык системалар, платформалар жана түзүмдөрдөн көз каранды түрдө программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу ыкмаларын тереңдетилген таризде иликтөөгө жардам берет.

Факультеттин бүтүрүүчүсүнө БААУ жана Бард-колледждин (АКШ) “Программалык инженерия” багыты боюнча бакалаврдын квалификациялык даражасы ыйгарылат. Ал долбоорлоочу, менеджер, иштеп чыгуучу, түйүндүк системалардын жана маалыматтар базасынын администратору болуп эмгектене алат. Ошондой эле программанын бүтүрүүчүсү билим алуусун белгилүү окуу жайлардын магистратураларында уланта алышат.

Программа тууралуу толук маалыматтарды бул жерден көрүп алууга болот: . Электрондук почта: sfw@auca.kg.

Окууга тапшыруу боюнча кенен маалымат алуу үчүн чалгыла жана жазгыла:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028