ֱ

“Эркин искусстволор жана илимдер” факультети

“Эркин искусстволор жана илимдер” факультети

26&Բ;июля&Բ;2024

#Эркин искусстволор жана илимдер#Свободные искусства и науки#LAS

БААУнун бакалавриат программаларынын уникалдууларынын бири – “Эркин искусстволор жана илимдер”. Бул тандалып алынган концентрацияда гуманитардык билим берүүнүн кеңдигин жана адистештирилген билимдердин тереңдигин сунуштаган алгачкы дисциплиналар аралык программа. Ал коомдук жана гуманитардык илимдердин алкагында ар кандай дисциплиналарга багытталган. Факультеттин уникалдуулугу анын эркиндик менен ийкемдүүлүктү, эксперименттерди жасоо мүмкүнчүлүгүн бергендигинде жатат. Окууну аяктар замат кесипти тандоо бир топ эле кыйынга турат, ал эми программа өз кызыкчылыктар жана тандоолорду аныктоого жардам берет. Алгачкы 2 семестрде студенттер ар кандай сабактарды иликтешет жана алар университет тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдү баалоого жардам берет. Андан соң негизги адистик боюнча бир чечимди кабыл алууга болот.

Факультет төмөнкү программалар боюнча окутууну сунуштайт:

  • Шаардык пландаштыруу жана дизайн
  • Адам укуктары
  • Конфликтология
  • Санарип маданият
  • Адабият жана тарых
  • Социалдык ишкерлик
  • Дизайн-ой жүгүртүү
  • Европа таануу

Программа 21-кылымдын жарандары жеке өнүгүүсү жана кесипкөйлүк карьерасында ийгиликтүү болуусу үчүн зарыл болгон ыкмалар менен билимдерди өнүктүрүүгө багытталган. БААУнун бардык студенттери сыяктуу факультеттин бүтүрүүчүлөрү эки дипломго ээ болушат – кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү жана АКШда аккредитацияланган дипломго. Аталган документтер Европа, Азия жана Американын ЖОЖдорунда билим алууну улантууга же болбосо дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө карьера жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Факультет тууралуу кошумча маалыматтарды бул жерден алууга болот: https://auca.kg/en/liberal_arts_sciences/. Электрондук почта: las@auca.kg .

Окууга тапшырууга байланышкан маселелер боюнча кайрылуулар үчүн:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028