ֱ

“Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү” факультети БААУдагы эң бир кенен профилдүү багыттардын бири болуп эсептелет

“Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү” факультети БААУдагы эң бир кенен профилдүү багыттардын бири болуп эсептелет

25&Բ;июля&Բ;2024

“Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү”: социо-маданий жашоонун бардык чөйрөлөрү бир факультетте

Программа адамдардын жашоосунун социалдык-маданий жашоосунун дээрлик бардык аспектилерин камтыган чөйрөлөрдө базалык билимдерди берет. Анын бүтүрүүчүлөрү ар кандай тармактарды эмгектенүүгө өбөлгө түзгөн изилдөөчүлүк, аналитикалык жана кесипкөйлүк ыкмалардын толук топтомуна ээ болушат.

Тандалып алынган адистиктен көз каранды түрдө алар ар кандай компаниялар, институттар жана уюмдарга жумушка орношушат. Алсак, Бүткүл дүйнөлүк банк, БУУ, GIZ, Mercy Corps жана АРИС.

Бардык студенттер негизги үч тармактын базалык курстарынын комплексин иликтешип, андан ары алардын бир адистигин тереңдетилген түрдө иликтешет:

  • Антропология жана археология – адамдын бардык жашоо-турмушун иликтөөгө негизделген илимдин эң кенен тармактарынын бири: маданий, тилдик, социалдык, диний, саясий жана экономикалык. Студенттер антропология, археология, тарых, этникалык таандыктуулук, тил, дин, экономика, саясат, миграция, ааламдашуу жана башка багыттарда билимдерди алышат.
  • Технология – маданият, коом жана технологиялардын ортосундагы татаал мамилелерди иликтейт. Бул адистикте маданияттын адамдардын технологияларды ойлоп табуусу жана колдонуусуна тийгизген таасири, технологиялардын маданий жана социалдык практикалар менен методикаларды кантип өзгөртүүсү иликтенет. Мындан тышкары студенттерде БААУнун башка департаменттеринин техникалык предметтеринин бирин тандоо мүмкүнчүлүгү бар.
  • Эл аралык өнүктүрүү – Эл аралык өнүктүрүү чөйрөсү жөнүндө, антропологдордун өнүктүрүү боюнча адис катары мааниси тууралуу түшүнүк берет. Студенттер экономикалык жана коомдук өнүгүүнү, экологиялык туруктуулукту, башкарууну, өнүгүүдөгү гендерди жана бул тармактагы иш алып баруунун башка аспектилерин иликтешет.

Студенттер Эл аралык уюмдарда тажрыйба арттыруу жана БААУнун эң күчтүү профессордук курамдарынын бири болгон окутуучулардын жетекчилиги астында академиялык жана кесипкөйлүк жактан өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

“Антропология, технология жана Эл аралык өнүктүрүү” факультети кирүү сынактарында эң жогорку упайга ээ болгон абитуриентке билим алуу үчүн 100% арзандатуу тартуулайт.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрү АКШ, Европа жана Азиянын магистратура менен докторантураларында билим алуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Факультет тууралуу кенен маалымат: .

anthropology@auca.kg. Сурап-билүү теелфону: +996 553 580 884

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылуу керек:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028