ֱ

“Экономика” факультети

“Экономика” факультети

24&Բ;июля&Բ;2024

Факультет окутуу тармагында жогорку стандарттарга умтулат. Факультеттин окутуучулары - бай окутуу тажрыйбасына ээ кесипкөйлөр. Алардын көбүндө мыкты Эл аралык ЖОЖдордо алынган окумуштуулук даражалары бар. Факультеттин педагогикалык максаты теория менен практиканын байланышына, сандык-экономикалык изилдөөлөргө жана алдыңкы билим берүү тежнологияларын колдонууга басым жасалган бакалавр менен магистранттар үчүн жогорку сапаттагы программаларды берүүдө жатат. Программа ар кандай кесипкөйлүк ыкмаларды өнүктүрүп, студенттерге ээ болгон билимдерин жеке эмпирикалык изилдөөлөрүндө пайдаланууну үйрөтөт.

Факультет изилдөө долбоорлорунда Эл аралык университеттер менен активдүү кызматташат, ошондой эле АКШ, Германия жана Норвегия менен студенттердин жана окутуучулардын алмашуу программалары боюнча келишимдери бар.

БААУнун экономика программасын аяктаган студенттер жумуш берүүчүлөрдүн кенен тобунун арасында суроо-талапка ээ болгон теориялык билимдерге жана практикалык ыкмаларга ээ болуп чыгышат. Алар бизнес, мамлекеттик сектор, каржы кызматтары жана консалтингде карьера жасай алышат.

assist_econ@auca.kg

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылуулар үчүн:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028