ֱ

Ишкерлик жана бизнести башкаруу мектеби

Ишкерлик жана бизнести башкаруу мектеби

23&Բ;июля&Բ;2024

БААУнун атаандаштыкка бекем бакалаврдык программаларынын бири – “Ишкерлик жана бизнести башкаруу мектеби”. Бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик 100% ЖОЖду аяктар замат жумушка орношушат. Факультеттин бүтүрүүчүлөрү каржы жана аудитордук чөйрөлөрдө эмгектенишет, жергиликтүү же Эл аралык фирмаларды жетектеп келишет же жеке бизнестерин ийгиликтүү жүргүзүп келишет.
Программа негизги төрт бизнес-сабактарды иликтейт: менеджмент, маркетинг, каржы жана каржылык эсеп. Менеджмент курсу компаниялардагы башкаруу жана лидерлик, пландоо жана стратегиялар менен тааныштырат. Маркетинг кардарлар менен пайдалуу жана бекем мамилелерди жаратууну камсыздайт. Курс маркетингдик шаймандар жана чечимдер, маркетингдик менеджмент жана ошондой эле маркетингдин көрүнбөгөн жашыруун жактарынын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү менен тааныштырат. Ар бир ийгиликтүү жеке ишкер өз бизнесинин каржылык аспектилерин түшүнүүсү керек. Каржы жана каржылык эсепке киришүү сизге каржылык көрсөткүчтөрүңүздү жана ишкерлигиңиздин ийгиликтүүлүгүн өлчөө, башкаруу жана пландаштыруу үчүн шаймандарды берет.


Программа тууралуу толук маалыматты бул жерден көрүп алууга болот: . Электрондук почта: busadm@auca.kg


Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылыңыз:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028