ֱ

“Колдонмо математика жана информатика” факультети

“Колдонмо математика жана информатика” факультети

23&Բ;июля&Բ;2024


Колдонмо математика – бул табигый жана социалдык кубулуштар тууралуу жаңы билимдерди алуу үчүн математикалык үлгүлөрдү иштеп чыгуу, изилдөө жана пайдаланууга байланышкан жана ар кандай технологиялык процесстерди башкаруу үчүн илим.
Багыт математика жана компьютердик илимдер боюнча базалык билимдерди берет. Сиз математикалык анализ, дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдуулук теориясы жана математикалык статистика, эсептөөчү математика, маалыматтардын түзүмдөрү жана алгоритмдер, жогорку деңгээлдеги тилдерде программалоо, программалык инженериянын негиздери жана башка сабактар боюнча тереңдетилген билимдерди аласыз.
Программанын бүтүрүүчүлөрү экономика, бизнес, илим, коомдук жана мамлекеттик секторлордун дээрлик бардык тармактарында суроо-талапка ээ. Алар банк чөйрөсү, консталтингдик, камсыздоочу жана аудитордук компанияларда, өндүрүштүк фирмаларда эмгектене алышат. Ошондой эле системалык жана бизнес аналитиктердин, маалыматтар базасынын долбоорлоочуларынын, мүмкүн болгон компьютердик системаларды өнүктүрүү жана модернизациялоочунун милдеттерин аркалай алышат. Мындан тышкары билим алууну магистратуранын төмөнкү багыттары боюнча уланта алышат: АКШ, Англия жана Германиянын университеттеринде бизнес, экономика, колдонмо математика, компьютердик илимдер.


“Колдонмо математика жана информатика” факультети тууралуу толук маалымат:
math@auca.kg.

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылыңыз:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028