ֱ

БААУда жайкы Ачык эшиктер күнү

БААУда жайкы Ачык эшиктер күнү

4&Բ;июля&Բ;2024

Өткөн ишембиде БААУда Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Бул да болсо абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн университет менен таанышуу, мугалимдер менен студенттерге суроо узатуу жана окууга тапшыруу шарттары тууралуу билип алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Кирип бара жатып коноктор ыктыярчылардын колунан күндүн тартиби жана башка тиешелүү маалыматтарды камтыган маалыматтык баракчаларды алып жатышты. Салтка айлангандай эле, бакалавриат менен магистратуранын факультеттеринин жарманкеси жайгашып, анда кабыл алуу сынактары, окууга кабыл алуу шарттары, каржылык колдоо жана БААУда билим алууга таандык башкалар жөнүндө билип алуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Ыктыярчылар коноктор үчүн кампус боюнча экскурсияларды өткөрүштү.

Расмий бөлүк Kahoot! оюнунан башталып, аны БААУнун Айана жана Эрбол аттуу студенттери даярдап, өткөрүп беришти. Мындай жол менен абитуриенттер БААУ тууралуу эң кызыктуу фактыларды билип алышса, ал эми эң кунт коюп уккандар белектерге ээ болушту.

Андан соң болочок студенттерге БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жылуу салам айтты. Өз сөзүндө ал БААУнун академиялык үлгүсү, студенттерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди. “БААУ студенттердин жашоосу бактылуу жана окуяларга бай болуусуна умтулат. Бул албетте университет үчүн эң оор чакырыктардын бири, бирок аны жообу төмөндө. Бактылуу болуу бул жашоодогу баалуулуктар менен багыттарды аңдап-сезүү, аларды кармануу жана каалаган жашоону баштан кечирүү дегендик. Аңдап-сезүү болсо - бул БААУ ишке апшырып келаткан эркин искусстволор жана илимдердин үлгүсү боюнча окутуунун табигый жыйынтыгы”,- деп белгиледи Тимоти О'Коннор.

Ошондой эле форумда, конференц-залда жана аудиторияларда факультеттердин сессиялары өттү. Факультеттердин жетекчилери, окутуучулары жана студенттери өз программалары, окутуу өзгөчөлүктөрү, бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.

Бардык абитуриенттерге сынактарды ийгиликтүү тапшырып, кыялындагы факультетке тапшырууну каалайбыз. Жакынкы сынак ушул жекшемби, 7-июлда өткөрүлөт.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028