ֱ

“Экологиялык туруктуулук жана климатология” департаментинин Соң-Көл көлүнө жана Нарын облусундагы туз шахтасына сапары

“Экологиялык туруктуулук жана климатология” департаментинин Соң-Көл көлүнө жана Нарын облусундагы туз шахтасына сапары

28&Բ;июня&Բ;2024

2024-жылдын 17-18-июнь күндөрү туруктуу өнүктүрүү жана климатология кафедрасы (ESCS) студенттери үчүн Соң-Көл көлүнө жана Нарын облусундагы туз шахтасына экологиялык практикалык сапар уюштурду. Экологиялык практикалык сапардын максаты студенттерди чектен аша мал багуу жана балык кармоого байланыштуу жайыттардын бузулушу жана Соң-Көлдүн био ар тараптуулугунун жоголушу сыяктуу актуалдуу экологиялык көйгөйлөр менен тааныштыруу болду. Саамалык дагы бир максатты көздөдү. Бул студенттерге болочок изилдөөлөрү үчүн темаларды аныктоого көмөктөшүү. Экологиялык практикалык сапар учурунда студенттер мамлекет тарабынан корголгон жаратылыштык аймактардын экосистемаларын, ошондой эле жапайы канаттуулар менен өрдөктөрдүн миграциялык коридорлорун көрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Ошентип, студенттер учурдагы мамлекеттик экологиялык программалар менен таанышып, Соң-Көл экосистемсасын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтарга ээ болушту.

Кезектеги окутуу аймагы Кочкор районундагы Чоң-Туз туз шахтасы болду. Чоң-Туз - бул 1980-жылдан тарта иштеп келген дарылык касиетке ээ туз шахтасы. Студенттер шахтанын иштөөсү, ландшафттарды бузуу, абанын жана суунун булгануусу сыяктуу анын экологиялык көйгөйлөрү менен таанышышты.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028