ֱ

Социология ааламын ач: сенин перспективдүү карьераң бул жерде башталат!

Социология ааламын ач: сенин перспективдүү карьераң бул жерде башталат!

27&Բ;июня&Բ;2024

#социология#sociology#soc

Сиз адамдардын тигил же бул жүрүм-туруму тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Коомду эмне алга жылдырат жана биздин ааламды эмне түзөт? Ушундай суроолорго жоопту социология илими берет.

Эмне себептен социологияны болочок кесип катары тандоо зарыл?

Социология – адамдардын жүрүм-турумдарын түшүнүүнүн ачкычы, өзүңдү таануу жана түшүнүүгө, сени курчап турган адамдарды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк. Бул жөн гана илим эмес, бул ааламга башка көз-караш менен кароо жолу. Социология сизге адамдардын белгилүү бир учурда өзүн кандай алып жүрүүсү, уюмдар жана бизнес-корпорациялар кандай өнүгүүсүн түшүнүүгө жардам берет. Социология адамдардын түрдүү контексттерде мотивациясын, баалуулуктарын жана жүрүм-турумдарын жакшы түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Бул силер үчүн эффективдүү байланышуу жана кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берет.

Социологияны иликтөө менен коомчулуктар кантип иштөөсүн, социалдык процесстерге кандай факторлор таасир этерин жана ааламды жакшы жагына кантип өзгөртүү керек экендигин түшүнө аласыз.

Акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү!

БААУнун “Социология” факультети ар бир студентке уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Кирүү сынактарында эң жогору упай чогулткан студент билим алууга 100% арзандатууга ээ болот. Бул таланттуу жана чоң максатты көздөгөн студенттер үчүн мыкты мүмкүнчүлүк!

Мындан тышкары бизде Европа, Америка жана Азиянын алдыңкы ЖОЖдору менен алмашуу программалары бар. Сиз Эл аралык тажрыйбага ээ болуу, өз ыкмаларды жакшыртуу жана чет өлкөдө билим алуу менен дүйнө таанымыңызды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

БААУда окутуу англис тилинде жүргүзүлгөндүктөн, бүтүрүүчүлөр америкалык университет Бард Колледждин дипломуна да ээ болуп, билим алуусун чет элдик ЖОЖдордун магистрдик программаларында улантуу укугун алышат.

Карьералык перспективалар

Социология карьералык мүмкүнчүлүктөрдүн кенен спектрине эшик ачат. Социологдорго болгон суроо-талап маркетинг, HR, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдар, изилдөөлөр жана аналитикада бар. Социология тармагындагы кесипкөйлөр компанияларга кардарлардын керектөөлөрүн түшүнүү, эффективдүү стратегияларды иштеп чыгуу жана уюштуруучулук маданиятты жакшыртууга жардам берет. Бард колледждин диплому Кыргызстан жана чет өлкөлөрдөгү Эл аралык компанияларда эмгектенүүгө шарт түзүп берет.

Социологдун орто эмгек акысы тажрыйбасы жана квалификациясы менен бирге өсүп отурат. Өз карьераңызды баштоо менен сиз кызматтык тепкич боюнча тез көтөрүлө аласыз. Муну менен катар өз тармагыңызда серепчи болуп, жетектөөчү кызматтарды ээлейсиз.

Эмне себептен БААУнун “Социология” факультетин тандоо керек?

Социология факультетин тандоо менен сиз укмуштуу жана ийгиликтүү карьерага карай кадам таштайсыз. Биз сапаптуу билим берүү жана уникалдуу мүмкүнчүлуктөрдү гана сунуштабастан, ошондой эле сиздин жолуңуздун ар бир баскычында колдоо көрсөтөбүз. БААУ – бул Эл аралык стандарттардын деңгээлинде билим берүү гана эмес, ошондой эле окуудан тышкаркы кызыктуу жашоо жана дүйнөнүн ар түркүн өлкөлөрүнөн келген теңтуштар менен баарлашуу.

Сурап-билүү телефону:+996 507318570

Электрондук почта:soc@auca.kg

Сайт:

Бакалавриат:

Магистратура:

Окууга тапшыруу маселелери боюнча кайрылуулар үчүн:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028