ֱ

Дэвид Лахдир “Данакер” ордени менен сыйланды

Дэвид Лахдир “Данакер” ордени менен сыйланды

27&Բ;июня&Բ;2024

#Камкорчуларкеңешининбашчысы#Дэвид Лахдир

Makerspace Learning and Design Center борборунун ачылышы учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров БААУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдирге “Данакер” орденин тапшырды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон указда мындай деп айтылат: “Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын элдеринин ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого сиңирген эмгеги жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжинин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Дэвид Лахдир “Данакер” ордени менен сыйлансын”.

БААУнун коомчулугу Дэвид Лахдирди мындай жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028