ֱ

БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү

БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү

21&Բ;июня&Բ;2024

#мейкерспейс#MakerSpace

Сизде БААУнун уникалдуу долбоору – Makerspace Learning and Design Center борборун биринчилерден болуп көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Алгачкы жолу 29-июнда БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү өтөт.

Мейкерспейс – бул өз дараметиңди ачуу, ыкмаларыңды өркүндөтүү, жаңы нерселерди үйрөнүү, санаалаштарды жолуктуруу, баарлашуу чөйрөңдү кеңейтүү үчүн өзгөчө мейкиндик.

Ачык эшиктер күнүндө Мейкерспейс менен таанышуу-бет ачар орун алып, коноктор үчүн имарат жана жогорку технологиялык жабдуулары бар цех боюнча экскурсия уюштурулат. Бир нече воркшоптор өтөт, алардын ичинде: – «Ардуино», «Лазердик кескич», «Винил кескич менен таанышуу». Катышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча катталуу абзел:. Ушул эле шилтеме аркылуу башка воркшпторго да катыша аласыз.

Катышуучуларда ачык DIY устаканаларына катышуу мүмкүнчүлугү жаралды: бактарга 3D ручка менен жазуу, бактардын пазлын чогултуу, лазердик маркер жана башкалар менен таанышуу

Бул конокторду Ачык эшиктер күнүндө күтүп жаткан окуялардын чакан гана бөлүгү. Башка кызыктуу көптөгөн программалар каралган. Анын баарына күбө болуу үчүн 29-июнь саат 10:00дө Аалы Токомбаев 7/6 дареги боюнча келиңиз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028