ֱ

БААУда мен орус тилин үйрөнүү менен кандай ийгиликтерге жетиштим?

БААУда мен орус тилин үйрөнүү менен кандай ийгиликтерге жетиштим?

13&Բ;июня&Բ;2024

АКШдан келген студент Деклин Бриан БААУда алмашуу программасынын негизинде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал башка студенттер сыяктуу орус тилин иликтеген. Андыктан өз ийгиликтери тууралуу эсседе баяндап берет.

Менин атым - Деклин. Мен орус тили курсунун студентимин, аны иликтеп баштаганыма аз убакыт болду.

Чет өлкөдө билим алуу оңой болгон жок. Мен жаңы өлкөдө үй-бүлө жана досторумсуз калып, билбеген тилде сүйлөөгө туура келди. Менин келечекти көрүп билүү жөндөмүм жок болгондуктан, алдыда эмне болорун жана кандай ийгиликтерге жетишеримди билчү эмесмин. Айтор ийгиликтерим жөнүндө айтып берейин.

Бишкекке келгенимде орус тилинде сүйлөөдөн абдан коркчумун. Сүйлөп жаткан сөздөрүмдү ишенимдүү түрдө айта алчу эмесмин. Азыр орус тилинде сүйлөгөндө өзүмдү ишенимдүү сезем. Тез сүйлөгөн адам менен сүйлөшүү таптакыр мүмкүн эмес эле. Бул жагдайды оңдоо үчүн базарга барып, сатуучулар менен баарлашчумун. Тажрыйба арттыруу үчүн ар кандай суроолорду узатчумун. Мындан тышкары башка жайларга да барып, лексикамды өркүндөтчүмүн. Анан мен туура эмес сүйлөөдөн коркпош керек экенин түшүнүп жеттим. Бир сөз менен айтканда, азыр мен бир топ эле жакшы сүйлөйм.

Экинчиден, бактыга жараша мен сонун профессорлорум Жаркын жана Ольга менен таанышып калдым. Алар мага чоң жардам көрсөтүштү. Мисалы ар кандай грамматикалык эрежелерди көп жолу кайталоого даяр турушту. Учурда мен дале болсо кыймыл этиштерин жана этиштин өнүккөн түрлөрүн түшүнүүгө аракет кылып келем. Жаркын мага “ль” дегенди туура айтууну үйрөтсө да, жакшы өздөштүрө албай атам.

Үчүнчүдөн, мен Кыргызстанды сүйүп калдым! Менимче Кыргызстан – бул орус тилин үйрөнүү үчүн эң мыкты жай. Адамдардын баары жагымдуу! Орус тилин үйрөнүү менен Тянь-Шань тоолорун көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуунун өзү – бул өзүнчө эле керемет! Кыргызстанда мен лыжа жана коньки тебүүнү, манты жасоону жана албетте орус тилинде сүйлөөнү үйрөндүм.

Бишкекте өткөргөн мезгилимди чоң ийгиликтеримдин бири деп эсептейм. Орус тилин жакшы түшүнүүнү үйрөндүм жана укмуштуудай өлкө тууралуу көп нерселерди билдим! Мындай ийгиликтерге Жаркын жана Ольганын көмөгү менен гана жетиштим. Аларга жардамын аябагандыктары үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Жашоолорунда жакшылыктар жана кубанычтар көп болот деген үмүттөмүн!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028