ֱ

Өнөктөш окуу жайлар үчүн санариптик гуманитардык илимдер боюнча тренинг

Өнөктөш окуу жайлар үчүн санариптик гуманитардык илимдер боюнча тренинг

5&Բ;июня&Բ;2024

#китепкана#library#LAS

2024-жылдын 31-майында БААУнун окутуучулары Кадырова Камиля, Карабаев Данияр жана китепкана жетекчиси Бекбалаева Жылдыз Бишкек шаарынын окуу жайларынан келген 20 мугалимге “Гуманитардык илимдерде санариптик усулдар” аттуу практикалык семинар өткөрүштү.

Тренингдин максаты катышуучуларды гуманитардык илимдер тармагындагы изилдөөлөрдү жана окутууну жакшыртууга жардам бере турган санариптик усулдар жана куралдар менен тааныштыруу болду. Тренингде санариптик гуманитардык илимдер жаңы өнүгүп келе жаткан дисциплиналар аралык тармак катары жана Google Ngram, Voyant жана AntConc сыяктуу текстти анализдөөнүн практикалык куралдары камтылган.

Өнөктөш окуу жайлардагы кесиптештер арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү менен БААУ гуманитардык илимдерге инновациялык усулдарды киргизүүгө салым кошуп, өлкөнүн академиялык коомчулугун бекемдейт.

“Санариптик гуманитардык илимдер” курсу “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин Санариптик маданият багытынын бир бөлүгү болуп саналат.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028