ֱ

Программалык азыктарды жеткирүүгө тендер

Программалык азыктарды жеткирүүгө тендер

4&Բ;июня&Բ;2024

Борбордук Азиядагы Америкалык университети №1 Тиркемеге ылайык, компанияларды программалык азыктарды жеткирүү боюнча тендерге катышууга чакырат.

Тендерге катышуу үчүн керектелчү талаптар менен документтердин тизмеси:

  • Уставдын көчүрмөсү
  • Каттоо тууралуу Күбөлүктүн көчүрмөсү
  • Башкы директордун дайындалгандыгы тууралуу жыйындын протоколунун көчүрмөсү
  • Компаниянын жетекчисинин инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү
  • Эгер талапкер Кошумча нарк салыгынын (КНС) төлөөчүсү болсо, анда КНСтин төлөөчүсүн каттоо тууралуу салык органынан документ
  • Соңку жылдын аралыгында 2 миллион сомдон кем эмес суммага ушул сыяктуу жеткирүүлөрдү аткаргандыгын тастыктоо
  • Кардарлардан эки сунуштама кат
  • Сунушталган азыктын баасы көрсөтүлүп, мөөр басылып жана жеткирүүчүнүн колу коюлган техникалык спецификациясы
  • Сунушталып жаткан азыктын техникалык параметрлери сатып алып жаткан уюмдун талаптарына жооп берүүсү керек
  • Баалар бардык салыктар жана жыйноолорду эске алганда (КНСти өзүнчө белгилөө), жеткирүүнүн мөөнөттөрү
  • Социалдык фонддон карызынын жоктугун тастыктаган билдирме
  • Салык органынан карызынын жоктугун тастыктаган билдирме
  • Экономика министрлигинен катышуучуга карата банкроттук процедурасы өткөрүлбөй жаткандыгын тастыктаган билдирме

Мөөнөттөр боюнча талаптар:

Билдирмеде жеткирүүнүн мөөнөттөрү көрсөтүлүүсү керек.

Жеткирүүлөр боюнча талаптар:

Билдирмеде жеткирилп жаткан программалык камсыздоого баалар бардык салыктар менен жыйноолорду эске алуу менен көрсөтүлүүсү кажет

Кызыкдар компаниялар тендерге катышуу тилегин билдирген электрондук катты компаниянын реквизиттери менен байланыштарын белгилөө менен төмөнкү даректерге жөнөтүүсү керектелет: revin_s@auca.kg жана sorokin_a@auca.kg.

Тендердик билдирмени кепилдик камсыздоо талап кылынбайт.

Тендер боюнча сунуштар БААУнун имаратында 2024-жылдын 17-июну саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Дареги: Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, “Коопсуздук кызматы” посту, МТД үчүн деп жазып, документти тапшыруу фактын атайын каттоодон өткөрүү зарыл.

Байланыштар:

Уюштуруу маселелери боюнча

Ревин Сергей Петрович

ИТ-активдерди башкаруу боюнча улук администратор

БААУнун маалыматтык технологиялар департаменти (МТД)

Тел.: (+996) моб.: 0555 419491

Email: revin_s@auca.kg

Программалык камсыздоо маселелери боюнча

Сорокин Андрей Фёдорович

Техникалык колдоонун жетектөөчү адиси

БААУнун маалыматтык технологиялар департаменти (МТД)

Тел.: (+996) моб.: 0551 477 656

Email: sorokin_a@auca.kg

Тиркеме №1:

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028