ֱ

Мен БААУда орус тилин иликтөө менен кандай ийгиликтерге жетиштим?

Мен БААУда орус тилин иликтөө менен кандай ийгиликтерге жетиштим?

3&Բ;июня&Բ;2024

Жыл сайын БААУга алмашуу программалары боюнча дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнөн студенттер келишет. Алар иликтеген курстардын бири - бул орус тили. Андыктан айрымдарына тил үйрөнүүдөгү жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берүүсүн сурап кайрылдык. Анда эмесе Аннабель Горман баяндайт.

– Менин атым Анна жана мен АКШдан алмашуу программасы боюнча келдим. Орус тилин эки жылдан бери үйрөнүп келем. Тилекке каршы мен окуган Миссури штатында орус тилдүүлөр аз болгондуктан орус тилинде сүйлөшүү тажрыйбам аз. Ушуга байланыштуу бул жакта алгач абдан кыйналдым. Күнүмдүк турмуш-тиричиликте пайдаланылган көп сөздөрдү билчү эмесмин. Мындан тышкары оюмду толук жеткирип айтып бере алчу эмесмин. Анын үстүнө акцент менен сүйлөгөнүм үчүн уялып, туура эмес уят сөз айтып алам деп коркчумун!

Бирок менин укмуштуудай мугалимдерим Жаркын Касымова жана Ольга Войтехиналардын, кабыл алуучу үй-бүлөнүн жана курбуларымдын жардамы менен менде ишеним пайда болду. Эң негизгиси адамдар мени түшүнүп жатканын, санаага батуу зарыл эместигин түшүндүм.

Алар ошондой эле мени орус тилин үйрөнүүнүн жаңы жолдору менен тааныштырышты. Мисалы курбуларым жана кабыл алуучу үй-бүлө мага орус тилинде ырларды угууну сунушташты. Натыйжада мен орус тилинде көп ырларды угуп, телевизордон орус тилинде тасмаларды көрүп баштадым. Сабактарда активдүү болуп, Жаркын Касымованын “Тасмаларды орус тилинде көрөбүз” киноклубдарына барчу болдум. Орус тилинде музыка угуп, кинолорду көргөн сайын ошончолук көп түшүнө баштадым. Алсак, жакында курбум экөөбүз 3 саатка созулган “Дюна” тасмасын көрдүк. Мен күткөнүмдөн да көп нерселерди түшүндүм.

Келечекте орус тилин үйрөнүүнү улантам жана университетти аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келем деген үмүттөмүн. Мына ошондо балким кыргыз тилин да үйрөнөм.

Бишкекте окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугум үчүн абдан кубанычтамын. Мында орус тилин дээрлик күн сайын пайдалана аласың. Күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүм келем десем жаңылышпайм!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028