ֱ

“Ала-Арча” улуттук паркындагы талаа изилдөөлөрү

“Ала-Арча” улуттук паркындагы талаа изилдөөлөрү

17&Բ;мая&Բ;2024

#экология#ESCS

2024-жылдын 4-майында “Экологиялык туруктуулук жана климатология” департаменти табигый илимдеринин “Азык-түлүк коопсуздугу, тамактануу жана туруктуу өнүгүү” курсунун алкагында БААУнун студенттери үчүн Чүй облусунун “Ала-Арча” улуттук паркында талаа изилдөөлөрүн уюштурду. Талаа изилдөөлөрү студенттерди “Ала-Арча” улуттук паркы, анын уникалдуу табияты жана биологиялык ар тараптуулугу менен тааныштыруу максатын көздөдү.

Талаа изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген ар кандай бак-дарактардын, өсүмдүктөрдүн жана жапайы жаныбарлардын түрлөрү жана алардын парктын экосистемасындагы ролу тууралуу маалымат алышты. Алсак, түркстандык сүлөөсүн, бүркүт, ителги; ал эми сейрек кездешүүчүлөрдөн ак илбирс жана жору. Ошол эле учурда студенттер адамдардын иш-аракеттери менен байланышкан токойлордун деградация болуусунун, био ар тараптуулугун жоготуусунун жана калдыктардын көйгөйлөрүнүн себептери менен таанышышты.

Студенттердин таасирлери:

Назармамадова Шахло, LAS-SE-120

“Азык-түлүк коопсуздугу, тамактануу жана туруктуу өнүгүү” курсуна жазылуу менен “Ала-Арча” улуттук паркына болгон экскурсияга катышуу бактысына ээ болдум. Экскурсия учурунда парк бай биологиялык ар тараптуулукту сактоо үчүн 1976-жылы түзүлгөнүн билдим. Паркта жапайы фаунанын өкүлдөрү бар экен - суурлар, жапайы эчкилер, бугулар, ак илбирс жана башкалар. Ошондой эле бул парк туристтер менен Бишкек шаарынын тургундарынын сүйүктүү жайы болуп, альпинисттер менен эс алууну жактыргандар үчүн бейишке айланып баратат. Өзгөчө дем алыш күндөрү. Профессор Майрамбек Нургазиевдин жетекчилиги астында биз парктын экологиялык байлыктарын изилдеп, өзүбүз үчүн бул жашоо чөйрөсү үчүн уникалдуу болгон ар тараптуу флора менен фаунаны ачтык. Мындан тышкары профессор Нургазиев Ала-Арча түйүнүнүн татаал жашоосу тууралуу айтып, экосистема жана азык-түлүк копсуздугу үчүн маанилүү болгон био ар тараптуулуктун ролун белгиледи.

Раут Фадиндра, EXCH-123

Жакында мен “Азык-түлүк коопсуздугу, тамактануу жана туруктуу өнүгүү” курсунун алкагында “Ала-Арча” паркында болуп кайттым. Профессор Нургазиевдин парктын чокулары, жолдору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү тууралуу бай маалыматтарынын негизинде сапарыбыздын жүрүшүндө аймактын өзгөчөлүктөрү тууралуу укмуштуу талкуулар жаралды. Жети саатка созулган тоого чыгуу унутулгус тажрыйба болду. Мындай тажрыйбага профессор Нургазиевдин бизде жалпылык сезимин жана курчап турган айлана-чөйрөнүн сулуулугун көрө билүү жөндөмүн үйрөтүүсүнүн негизинде жетиштик десек жаңылышпайм.

Джавади Сайед Абдулла, ICP-120

Биз 2024-жылдын 4-майында “Азык-түлүк коопсуздугу, тамактануу жана туруктуу өнүгүү” курсунун алкагында “Ала-Арча” паркына аттандык. Сапар учурунда профессорубуз бизге “Ала-Арчанын” фауна жана флорасы тууралуу маалыматтарды берди. Биринчиден паркта элдик медицинада пайдаланылган 50дөн ашуун өсүмдүктөрдүн түрү бар. Экинчиден биз парктын тарыхы жана апта сайын ага келген туристтердин саны жөнүндө билдик. Парктын аянты 16 000 гектарды түзөт. Белгилеп кетчү маанилүү нерсе, паркта сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулар жашап келет. Жалпысынан бул абдан пайдалуу жана кызыктуу сапар болду. Эң оболу биз жаңы адамдар менен таанышып, парктын таза абасынанырахаттандык.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028