ֱ

БААУда вакансиялар жарманкеси-2024

БААУда вакансиялар жарманкеси-2024

30&Բ;апреля&Բ;2024

БААУда 19-апрелде Карьераны өнүктүрүү кеңсеси тарабынан уюштурулган “Вакансиялар жарманкеси” болуп өттү. Жарманке баарлашуу, окуу жана убакытты көңүлдүү өткөрүү үчүн студенттерди, бүтүрүүчүлөрдү жана жумуш берүүчүлөрдү чогултту.

“Вакансиялар жарманкеси” байланыштарды бекемдөө үчүн гана кезектеги иш-чара болгон жок. Бул баары үчүн уникалдуу тажрыйба болуп, ал өзүнө коноктор үчүн лекцияларды, кызыктуу иш-чараларды жана сонун белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүктөрүн камтыды. Быйыл 20 демөөрчү компаниялар БААУнун көк чөптүү аянтында укмуштуудай атмосфераны жаратышты. Карьераны өнүктүрүү боюнча кеңсе чоң көрсөткүчкө жетишип, 12 500 АКШ доллары өлчөмүндө каржылоого ээ болгон! Анын 6500 доллары күтүлүп жаткан окуу жылында алдыңкы студенттерге туруктуу колдоо көрсөтүү үчүн БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн стипендиалдык фондуна багытталмакчы.

БААУнун президенти чогулгандар менен жылуу учурашып, ачылыш сөзүн сүйлөдү: “Вакансиялар жарманкеси – бул БААУнун бүтүрүүчүлөрүн альма-материне кайтарган уникалдуу иш-чара. Быйыл БААУнун 18 бүтүрүүчүсү жарманкеге ар кандай демөөрчүлүк жана өнөктөштүк уюмдар, сынактар жана бет ачарлар аркылуу катышып жатат. БААУну карьераны жана кесипкөйлүк жашоону куруучу жайга айлантууда туруктуу колдооңуздар жана күч-аракеттериңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз”. Ачылыш аземинен кийин студенттерде катышуучу компаниялар камдаган стенддер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Студенттер компаниялардын маданияттары, талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды алышты.

Жарманкенин алкагында ар кандай сынактар орун алды. Алсак, жыл сайын өтүүчү “Сатыктагы жылдыздар сынагы” жана “Креативдүүлүк сынагы”. Бул ирет сынактардын байге фонду былтыркыдан 3 эсе көп болуп, 2500 АКШ долларын түздү. Сынактын программасына толуктоолордун бири “Тез таанышуулардын” платформасы болду. Анын жардамы менен студенттер менен атактуу бүтүрүүчүлөр өз-ара байланыштарды түзүп, студенттер үчүн насаатчылык, өз ара аракеттенишүү жана кесиби боюнча багыт алуу үчүн баалуу маалыматтар жеткиликтүү болмокчу.

2024-жылдын вакансиялар жарманкеси БААУнун студенттердин болочок жумуш берүүчүлөрдү жана кыялындагы жумушун табуу, келечектеги карьералык жолун тандоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн умтулуусун дагы бир ирет тастыктады. “Вакансиялар жарманкесине” келгениңиздер үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз!

Иш-чаранын башкы демөөрчүсү:

Coca-Cola Kyrgyzstan

Иш-чаранын демөөрчүлөрү:

Demir Bank

Mbank

EPAM

Beeline

KPMG

Mazars

JTI

Umai Group

Forester

Nur Telecom

Bakai Bank

FINCA bank

Sibers

Cbonds

Glovo

World of Education

Global Compass

Logos

Abdysh-Ata

Partners of the event:

Asian Development Bank

Search for Common Ground

Red Crescent Society Kyrgyzstan

ICNL Kyrgyzstan

National Bank of the Kyrgyz Republic

Confidence Law Firm

Ilbirs Foundation

New Days Development Center

1.1Studio















<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028