ֱ

Китептер балдар борборлоруна өткөрүлүп берилди

Китептер балдар борборлоруна өткөрүлүп берилди

8&Բ;апреля&Բ;2024

#китепкана#библиотека#library

Балдар китептеринин күнүнө карата 11-марттан 29-мартка чейин БААУда балдар үчүн китептерди жыйноо “Балага китеп белек кыл” акциясы өттү. Анын жыйынтыгында 65 китеп чогулуп, ага кошумча 160 китепти Кыргызстанда 1994-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келаткан Эл аралык “Мерсико” уюму тарабынан берилген.

“Мерсико” КРда АКШнын Айыл-чарба департаментинин колдоосу астында МакГоверн-Доулдун “Билим берүү үчүн азык-түлүктөр жана балдар тамак-ашы” программасын 2012-жылдан тарта ишке ашырып келет. Программаны ишке ашыруунун жаңы баскычы 2021-жылы башталып, ал 2026-жылга чейин созулат. Программанын алкагында жалпы нускасы 699300 болгон жаңы 173 китеп басып чыгарылган. Өз кезегинде 416 максаттуу мектептерге жана Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Чүй облустары менен Бишкек шаарынын 100 коомдук китепканаларына өткөрүлүп берилген. Китептер кенже класстардын окуучуларынын окуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана аймактарда үй-бүлөлүк китеп окуу маданиятын жайылтуу үчүн пайдаланылат. Ошондой эле программанын алкагында мектеп окуучулары гана эмес, алардын ата-энелери катышкан класстан тышкаркы иш-чаралар, китеп окуу боюнча жайкы мектептер да өткөрүлүп келет.

Чогултулган китептер Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен өспүрүмдөрдүн Чүй облустук “Максат” реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилди. Мында 1,5 жаштан 16 жашка чейинки бир катар илдеттерден жапа чеккен балдар реабилитациядан өтүп келет. Борбор Чүй облустук деп аталганына карабастан, анда бүт өлкөбүздүн балдары реабилитациядан өтүп келишет. Бүгүнкү күндө анда 56 бала дарыланып, ден-соолугун калыбына келтирүүдө.

Ал эми китептердин дагы бир бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы балдар үйүнө тапшырылган.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028