ֱ

Кара-Жыгай токойчосунда бак отургузуу боюнча акция

Кара-Жыгай токойчосунда бак отургузуу боюнча акция

4&Բ;апреля&Բ;2024

БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору (ССЕ) Экотуризм боюнча Франко-Кыргыз ассоциациясы (AFKE) жана БААУнун Инновациялык колледжи (TSI) менен биргеликте уюштуруп жаткан 20-апрелде Кара-Жыгач токойчосунда бак тигүү акциясына кошулуңуздар.

Тажрыйба кереги жок - негизгиси энтузиазм жана энергия! Сиз баарын катышуу учурунда көрүп аласыз жана экология жана туруктуу бекем өнүгүү маселелерине кызыккан курсташтарыңыз менен убакытты көңүлдүү өткөрөсүз. Баса, үй-бүлө мүчөлөрүңүздү же досторуңузду чакырсаңыз болот.

Эмне себептен сиз бизге кошулушуңуз керек? Бак-дарактар кычкылтекти иштеп чыгарат, абаны булгануудан тазалайт, көмүртекти чектейт жана жапайы жаныбарлар үчүн ыңгайлуу жашоо-шартын жаратат. Андыктан бак отургузуу менен сиз климаттын өзгөрүшү менен күрөшүп, сууну сактай аласыз.

Мындан тышкары биз сиздерди күч-кубат берүү үчүн тамак-аш жана суусундуктар менен камсыздайбыз. Жөн гана өзүңүзгө ыңгайлуу кийим-кече кийип келиңиз жана көп колдонууга боло турган суу бөтөлкө ала келиңиз.

Акцияга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Каттоодон өтүү жана толук маалымат алуу үчүн шилтеме:

Иш-чара өтүүчү жайдын дареги:

Эгер сизде кандайдыр-бир суроо жаралса, анда кенен маалымат алуу үчүн байланышыңыз: dzhakshylykova_m@auca.kg (0559556110).

Кара-Жыгай токойчосу жөнүндө бул эки тасма айтып берет:

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028