ֱ

Аалам үчүн суу

Аалам үчүн суу

4&Բ;апреля&Բ;2024

БААУда сууну эффективдүү жана рационалдуу пайдалануу, анын бардык мамлекеттер үчүн жеткиликтүүлүгү маселелерине арналган “Аалам үчүн суу” иш-чарасы болуп өттү. Эл аралык Water = Life (“Суу = Жашоо”) сүрөт көргөзмөсү тартууланды. Иш-чара БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана КРнын Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматы тарабынан ЮСАИДдин суу ресурстары жана курчап турган айлана-чөйрө долбоорунун колдоосу астында уюштурулду.

Өз ачылыш сөзүндө Жашыл БААУ Green AUCA программасынын координатору Маргарита Лазуткина БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору студенттерди, окутуучуларды, кызматкерлерди, жаштарды жана башка ар кандай студенттик уюмдарды бүтүндөй бир активдүү жарандык коомго бириктирүүгө аракет жасап жаткандыгын белгиледи. Болуп өткөн иш-чара бириктирүүчү гана эмес, ошондой эле практикалык жана билим берүүчү мүнөзгө ээ болду.

Климаттын өзгөрүшүндө суу ресурстарынын ролуна КРнын ирригация Улуттук изилдөөчүлүк институтунун директору Улан Чортомбаев токтолду. Өз бет ачарында ал аймагыбыздагы көпчүлүк мамлекеттер үчүн эң чоң көйгөй - бул сууну эффективдүү эмес пайдалануу жана суу ресурстарын сактоо боюнча конкреттүү максаттардын жоктугу экенин баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан жана борбор азиялык башка өлкөлөр айыл-чарба жана өнөр жайда сууну жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны пайдалануу, аны жергиликтүү өзгөчөлүктөр жана керектөөгө жараша ийкемдөө зарылдыгын кошумчалады.

Нидерланды падышачылыгынын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Жамиля Иманкулова Эл аралык Water = Life (“Суу = Жашоо”) сүрөт көргөзмөсү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2023-жылы БУУнун ири Эл аралык конференциясынын алдында Нидерландынын өкмөтү дүйнөнүн фотосүрөтчүлөрүнө алардын мамлекеттеринде суу ресурстары кандай абалда экенин айтып берүүсүн өтүнүп кайрылышкан. Мына ошол эмгектердин мыкты 19у ушул сүрөт көргөзмөгө да коюлган. Анын башкы максаты – келечек муундар үчүн суу ресурстарын сактап өткөрүп берүү үчүн эмне кылуу керек экендиги тууралуу ар бирибизди ойлонтуу. Андыктан Жамиля айымдын залда отурган ар бир адамга ушундай суроо менен кайрылуусу логикалуу болду.

Иш-чара андан-ары Улан Чортомбаевдин дагы бир бет ачары менен улантылды - “Экономикалык көз-караш менен алганда суунун жашоо үчүн мааниси”. Анда сууну үнөмдөө, акыл-эстүү пайдалануу, көзөмөлдөө жана эсеп жүргүзүү боюнча практикалык чечимдер көрсөтүлүп берилди. Тартууланган бардык долбоорлор КРнын Ирригация УИИ лабораториялары тарабынан иштелип чыккан.

Жыйынтыктоочу “NEXUS деген эмне жана мындай жолдун XXI кылымдагы актуалдуулугу” бет ачарын ЮСАИДдин суу ресурстары жана курчап турган айлана-чөйрө боюнча долбоорунун улуттук координатору Наргиз Осмонова жасап берди. Наргиз айым К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында өткөн бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү жөнүндө айтып берди. Ал ошондой эле NEXUS деген кандайдыр-бир маселени чечүүдө комплекстик жол тутуу экенин билдирди. Демек, Борбордук Азиядагы суу ресурстарынын көйгөйлөрүнө келсек, Кыргызстандагы сууну пайдалануу көйгөйлөрүн коңшу өлкөлөрдөгү ушундай эле көйгөйлөрдөн бөлүп кароо мүмкүн эмес. Аймактын бардык мамлекеттери бири-бири менен тыгыз байланышкан, анын ичинде бир нече өлкөлөр аркылуу агып өткөн дарыялары менен. Андыктан белгилүү бир маселени чечүүдө аймактын бир нече же бардык мамлекеттеринин өкмөттүк гана эмес, жергиликтүү деңгээлде да биргелешип иш алып баруусу зарыл. Ал белгилеп өткөндөй, “суу – бул аймактагы бириктирүүчү фактор”.

Иш-чаранын катышуучулары спикерлерге суроолорду узатып, пикир алышууга жетишишти. Жыйынтыгында викторина орун алып, суроолорго жооп берген активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028