ֱ

Улуттар жармаңкеси 2013

Улуттар жармаңкеси 2013

29&Բ;января&Բ;2013

25-январында, Кыргызстандын Улуттук Опера жана Балет Театрында Борбордук Азиядагы Америкалык Университет тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү, БААУнун 20-жылдыгына арналган “Улуттар жармаңкеси – Diversity Week” иш-чарасы уюштурулду.

 

Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын диаспоралары жыйынтыктоочу концерттин даярдыктарына катышып, өз оюндарын көрсөтүштү. Кыргыз, өзбек, тажик, татар, уйгур, славян, кавказ, кытай, корей, афган, америкалык элдердин өкүлдөрү өздөрүнүн көркөм өнөрлөрүн көрөрмандардын сынагына көрсөтүштү.

 

Иш-чараны БААУ Президенти Эндрю Вахтель мырза жана Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын төр агасы Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович өздөрүнүн кыскача куттуктоо сөздөрү менен ачышты. Фестиваль уюштуруучу жана көрүүчүлөрдүн саны көптүгү жана концерттик программа жагынан абдан мазмундуу болду. Юбилейлик концерт абдан жакшы уюштурулуп, сааттын механизми сыяктуу иштеди, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүп, аларда жакшы гана элестерди калтырды.

 

“Улуттар жармаңкеси” фестивалы БААУ үчүн баш тартылбас жана салттуу классикага айланып, университеттин турмушунда өзгөчө зор мааниге ээ болду жана 15тен ашуун улуттардын өкүлдөрүн бириктирди.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028